Оозду ачырган таң каларлык 18 факт

 

 

 

 

1. Байыркы Римдиктер тиш пастасы катары чычкандын майдаланган мээсин колдонушкан.

2. Адам орто эсеп менен жылына 500 грамм курт кумурска жеп алат. Көбүнчө башка тамак аш менен кошо.

3. Сиздин, лотореялык билет сатып алууга баратып өлүп калуу шансыңыз, лотореядан утуу шансына караганда караганда көбүрөөк.

4. Жыл сайын оң колдуулар үчүн жасалган шаймандарды колдонуудан, 2500 сологойлор каза болушат.

5. Метродо дем алаган абанын болжол менен 15%ы адамдын терисинен турат.

6. Эверестте, тоонун чокусуна жетпей, же кайра түшө албай калган 200дөй адамдын денеси жатат.

7. Кээ бир кийме тиштер радиоактивдүү болот.

8. Көпөлөктүн кээ бир түрлөрү кан ичишет.

9. Адамдын таманы жылына 20 литрдей суу бөлүп чыгарат.

10. Биздин планетада, ар бир адам өмүрүнүн акырына чейин барчылыкта жашоого жетчү алмаздын запасы бар.

11. Күзөндүн (хорек) ургаачысы бир жыл кошулуу болбосо өлүп калышы мүмкүн.

12. Кытайда калктын көп болгонуна карабастан, болгону 15%ы гана жакырчылыкта жашайт.

13. Куштун жүнү анын скелетинен эки эсе оор.

14. Кофеин өз курамы менен кокаинге, толидомидге, тротилге, героинге жана нейлонго жакын.

15. Эркектер өмүрүнүн аягына чейин сакал алганга 3 350 саат коротушат жана 8,4 метр сакал алышат.

16. ХХ кылымдын башында героин жөтөлгө каршы дары катары колдонулган.

17. Швейцарияда мектеп мугалиминин жылдык кирешеси 33 миң доллардан башталат.

18. Батыш Кытайда чайга шекер эмес, туз салып ичишет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.