Ооздогу жагымсыз жытка бул 5 нерсе себепкер

Дээрлик ар бир адамдын оозунан жагымсыз жыт чыгат, мунун себеби ар кандай. Бирок сен ар бир жолу тамак ичкенден кийин оозду чайкап, күнүнө эки маал паста менен тазалап жууп турсаң деле ооздон жагымсыз жыт чыгып турса анда төмөндөгү нерселерге көңүл бур:

 

 

1. Организмде суунун жетишсиздиги

Суу бардык органдарга эң керектүү зат болуп эсептелет. Организмге суу суткалык нормадан аз берилип жаткан учурда ооздогу бактериялар көбөйүп, ооз кургап, бактериялар менен күрөшө турган шилекей аз бөлүнүп чыга баштайт. Ушул себептен да ооздон жагымсыз жыт чыгып турат.

 

 

2. Ачка жүрүү

Узак убакытка чейин ачка жүрүү жана өз маалында тамак ичпөө да бирден бир себеби болуп эсептелет. Убагында тамак ичпей ашказан бош калганда бактериялар менен күрөшө турган шилекейлер аз иштелип чыга баштайт. Ошондуктан ар бир 4 саатта тамактанып туруңуз.

 

 

3. Даары-дамрек колдонуу

Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар, жана ооруну басаңдатуучу дарылар да организмдин шилекей бөлүп чыгуу циклин бузуп салат. Дарыларды аз колдонгонго аракет кылыңыз.

 

 

4. Ашыкча салмак

Изилдөөлөр көрсөткөндөй аркычырай адамдарга караганда толук адамдардын оозунун жыттануусу көбүрөөк кездешкен. Буга себепкер углеводдор. Белгилүү болгондой адам канча толук болсо ошончо көп тамактанат, жана углевод ашказанга канча көп түшсө ошончолук жагымсыз жыт бөлүп чыгат.

 

 

5. Сагыз чайноо

Ооба, биз сагызды ооздогу жагымсыз жыттан арылуу үчүн чайнайбыз. Бирок изилдөөлөр көсөткөндөй сагызда шекер көп болот а шекер болсо ооздогу бактериялардын көбөйүшүнө өбөлгү түзөт. Анан дагы шекер тиштин бузулушуна алып келип алардын жыйынтыгында жаман жыттар пайда болот. Тишиңиз бекем болуп, ооздон таза жыт чыксын десеңиз сагызды азыраак колдонуңуз.

Жогорудагы жазылгандарга көңүл буруп, так аткарсаңыз анда ооздогу жагымсыз жыттар бат эле жоголот десек болот.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.