Узак жашагыңыз келеби?.. Өмүрдүн узактыгы эмнеден көз каранды?

АКШнын Кливленд клиникасындагы изилдөөчүлөр тобу дайыма кардиомашыгуу менен дени сак жана узак жашоого болот деген жыйынтыкка келишкен.

Бул тууралуу Eurekalert жарыялады.

 

 

Окумуштуулар 1991-жылдын башынан 2014-жылдын аягына чейин 122 миңден ашуун адамдарга байкоо жасашкан. Алардын баары спорттук чуркоо тренажорунан кардио тесттен өтүшкөн.  Натыйжада кардиореспиратордук системанын жогорку деңгээлдеги функцияны аткарышы түздөн түз өмүрдүн узарышына алып келет экен. Бул көрсөткүч өзгөчө гипертония илдетинен жабыр таркан 70 жаш курактагылардан байкалган.

Бардык пациенттерди кардиореспиратордук системасына жараша беш топко бөлүп, ар бир топко ылайыктуу кыймыл аракетти күчөтүү ыкмалары колдонулган. Айрым пациенттер чуркап, татаал көнүгүүлөрдү жасашса, кээ бирөөлөр жеңил аэробикалык кыймыл аракеттер менен чектелген.

- Аэробикалык көнүгүүлөр көпчүлүк пациенттер үчүн ыңгайлуу. “Өтө көп” деген түшүнүк болбошу керек. Баары жакшы спорттук көрсөткүчкө жетишүүлөрү кажет,

- деп билдирди изилдөө иштеринин авторлорунун бири, кардиолог Ваэль Джабер.

Жүрөк тамыр ооруулары, диабет, тамеки чегүүлөргө караганда кадимки эле аэробика өмүрдүн узарышына алып келет дешет дарыгерлер. Адистер жүрөктүн согушуна, кан тамырлардын абалына жараша өмүрдү узартуучу аэробикалык көнүгүүлөрдүн ылайыктуусун сунушташат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.