Өлүмдөн кийинки жашоо... Чындык

 Рух – адамдын жаны өлбөй денени таштап башка дүйнөгө учуп кетээри тууралуу баардык диндерде айтылып, бул туурасында кинолор, китептер абдан эле көп.  Буга ишенгендер арбын болсо да ишенбегендер же анчалык элес албагандар да бар.

Асел аттуу келин курбусу тууралуу айтып бергенде таң калганыбызды жашыра албадык.

 

 

Менин Назира деген  курбум бар эле. Экөөбүз  классташ болчубуз. Жогорку окуу жайында дагы группалаш болуп чогуу окуп, сыр чечишкен жакын курбулардан элек. Мен турмушка чыгып бир балалуу болуп жумушка чыксам Назира дагы ошо мен иштеген жерде телекомдо эсепчи болуп иштеп жатыптыр. Чогуу иштеп, чогуу жүрүп, баягыдай эле ынак достордон болдук. 

 

 

Жолдошум экөөбүз Назираны турмуш куруп аклсын деп далай жигиттер менен тааныштырдык. Жолдошумдун достору, бөлөлөрү, классташтары дегендей. Эмнегедир  ымалалары келишпей башында жакшы эле сүйлөшүп жүрүшкөндөй болуп, акыр аягы үйлөнүшпөй калышаар эле. Назира татынакай кыз болгондуктан көп эле жигиттер артынан чуркап, бирок бири менен да тил табыша албай жүрдү.  Жылдар билинбей өтө берет турбайбы. Убакыт билинбей өтүп отуз жашыбызды да белгилеп калдык. Эсимде, Назира менин отуз жашымда бир кучак роза гүлдесте көтөрүп, кутучага салынган алтын шакек алып келген. 

 

 

 

Ырдап-бийлеп чер жазып  жыргап отурган. Ошондон бир ай өтпөй автокырсыктан каза болоорун анда ким билиптир...

 Курбумдан айрылганда  ичим туз куйгундай ачышып, апасы эже сиңдилери менен кошулуп аябай ыйлап жаттым. Жыйырма күндөн кийин кыркы болду. Кырк ашына барып, маанайым жок келип бөлмөмө кирип диванга кулап ыктап кетиптирмин. Түндүк тараптагы терезе тыкылдап карай койсом Назира туруптур. 

 

Апакай тор үлпөт көйнөгүн кийип алган.  “Жүр, Асел, менин үйлөнүү тоюм болгон жатат” деди шаштырат. Аны ээрчип терезеден кантип чыгып кеткенимди билбейм. Экөөбүз сүйлөшүп сөзүбүз бүтпөй кызгалдактуу талааны аралап кетип баратабыз. Айлана жапжарык, күн нуру тегиз чачылып, кең талаа, жапжашыл адыр бөксөлөр. Жетелешип эски бейиттерге жакын барабыз. Жүрөгүм дүкүлдөп эки жакты карайм. Карасам мүрзөлөр эмес эле кадимки боз үйлөр тигилип тургансыйт. “Карачы бул менин үйүм” дейт, бир боз үйдү көрсөтүп Назира.

 

Ал көрсөткөн боз үйдүн жанында кең далылуу, бойлуу, биз курактуу жигит турат.  Ак калпак кийип, оюм чапан кийип алыптыр. Назира мага күлө карап “Үйдөгүлөргө айтып кой мен бүгүн турмушка чыктым, ыйлашпасын” дегенде гана анын каза болгону эсиме  түшүп, денем дүркүрөп, качып жөнөдүм. Адырга чыкканда артыма бурулуп карасам  эч ким жок. Ойгонуп кеттим. Катуу тердеп кыйналып калыптырмын...”

 

Дагы бир таң калаарлык окуя тууралуу айтып өтөлү.Эрмек аттуу жигит жазындаавтокырсыктан кайтыш болгон.Апасы аза күтүп ыйлап-сыктап жүргөнүнө бир жыл маалы болду. Апасы туулган күнүндө эрте туруп, тамакжасап жатса, дарбаза ачылыпүч-төрт жашаар майда балдар топурап кирип келишет.

  • Келгиле,  кимдин балдарысыңар? деп, сурагыча болбой топураган балдар  бир тутам гүлдесте берип кайра дарбазадан чыгып кетишет. Апасы гүлдөрдү караса жаңы үзүлгөн  ар түркүн жыпар гүлдөр. Сыртта кар, декабрь. Гүлдөр болсо жаңы эле жерден үзүлгөндөй.  Гүлдөрдү вазага салып эле кайра  дарбазага чуркап чыкса көчөдө эч ким жок. Кошуналарынан сураса көчөгө балдар чыкканын эч кимиси көргөн эмес. Таң калган апасы үйгө кирсе жыпар жыты буркураган кызыл, көк, сары, ак гүлдөр вазада турат.

 

 

Нурлан деген бир үйдүн кичүү баласы, апасынын көкүрөк күчүгүстудент кезинде Бишкектен сүйгөн кызы менен кетип баратып автокырсыктанказа болот. Кыз менен жигиттин колдору карышып калыптыр.Араң ажыратып экөөнү эки жакка бирин Кочкорго, бирин Таласка алып кетишет. Апасына баласынын телефонун беришет. Апасы симкартасын чыгарып катып коёт Апасы кайгыга батып жүргөн бир түнү телефону шыңгырайт. Караса баласынын номери чалып жатат. Ашыгып ала койсокулагына шуулдаган үндөр угулуп, алыстан кимдир бирөө сүйлөгөнсүйт, бирок даана укпайкалат. Симкартаны караса баягы катылган ордунда эле турат.

 

 

Бул чындык

Калифорниялык физик Шон Кэрролөлүмдөн кийинки жашоо уланаарын, адамдын жаны атомдордон, электрондордон тураарын жана алардын ар бирине Ааламда орун бар экенин далилдеген. Демек жан таптакыр эле жок болуп кетпейт, ал эми бейиш менен тозок тууралуу физик “алар Ааламдагы көрүнбөс кубулуштар” деген.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.