Олимпиада 2018: мелдештин эң ысык катышуучулары (10 фото+видео)

Олимпиада 2018 Корея Республикасынын Пхенчхан шаарында 9-25-февраль аралыгында өтөт. Эң маанилүү спорттук мелдлештин алдында анын эң “ысык” катышуучуларын эстеп көрөлү дедик. Бул айымдар мыкты спортсмендердин катарына кире алат деп ишенебиз.

 

 

Линдси Вонн, АКШ

Америкалык белгилүү лыжа тебүүчү, 2010-жылкы олимпиада чемпиону, дүйнөлүк Кубоктун 4 жолку ээси жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Линдси 33 жашта, ал кышкы спорт тематикасындагы эротикалык фотосессияларга да көп катышат.

Суйкайган Линдси глянец жылдыздыгына ушунчалык берилип кеткендигиненби, айтор Sports Illustrated Swimsuit журналы үчүн акыркы ич кийимине чейин чечип жибергени бар. Иш 2016-жылы болгон.

Юлия Дуймовиц, Австрия

Юлия Дуймовиц – австриянын сексуалдуу сноубордчусу, слалом дисциплинасында күч сынашып, 2014-жылы олимпиада чемпиону болуп жетишкен. Юлия дагы Кореяга жарышка барат, тилекке каршы, сүрөттөгү формачан эмес.

Тесса Вертью, Канада

Тессанын фамилиясы француздуку болсо да Онтарио шаарында туулган жана ошол эле шаарда жашайт. Тесса – фигуристка, Скотт Моир менен бирге муз үстүндө бийлейт. Ал 28 жашта, күчү ашып-ташып турган кези. Олимпиада 2018де ийгилик каалайбыз.
 

Джейми Андерсон, АКШ

Американын сноубордистеринин арасында эң сексуалдуу өкүлдөрүнүн бири. Слоупстайл түрүндө чыгат. Бул спорттун түрүндө биринчи олимпиада чемпиону болгон. Анан дагы Джейми – слоупстайлдын X-Games түрүндө бир нече жолу чемпион болгон.

Мэдисон Чок, АКШ

Мэдисон Чок – америкалык фигурист, муз үстүндө бий менен чыгат. Грег Цуэрлейн менен чогуу чыгып, 2009-жылы юниорлор арасында чемпион жана 2008-2009-жж сезонунда юниорлор арасында Гран-принин жеңүүчүсү болгон.

 
Джессика Диггинс, АКШ

Америкалык лыжа тебүүчү, 2013-жылдын командалык спринт боюнча дүйнө чемпину, дүйнөлүк Кубоктун жеңүүчүсү. Ошондой эле Джессика, жогорудагы спортчулар сыяктуу, өзүнүн Instagram баракчасында эротикалык фотосессияларын жарыялап турат.
 

Силье Норедаль, Норвегия

Силье – 2018-жылдын Олимпиада ондарынын эң жаш катышуучуларынын бири. Сноубор менен өлкөсүнүн кадыр-баркын коргойт.