Өлгөн адамдын буюмдарын эмне кылыш керек? Жана эмне кылбаш керек?

“Өңгө жалган өлүм ак” дегендей, өлүм бул табигый кубулуш. Адамдардын баары эртеби-кечпи өлүмдүн өкүмүнө баш ийишет. Ал эми маркумдун буюм-тайымы, кийим-кечеги анын энергетикасын өзүнө сиңирип алган анан дагы негативдүү энергияга ээ болот деп айтышат.

 

 

“Каза болгон курбуңдун жоолугун салынба, ал сени муунтуп салат. Эмне өмүрүңдөн айрылгың келеби?” деген фраза айтылган кино тасма да бар. Орто кылымда маркумдарга байланыштуу бир топ адамдын денесин дүркүрөткөн ырым-жырымдар болгон, алар тууралуу эскерип кереги жок.

Өлүм – жан үчүн ачылган каалга

Расмий диндер ырым-жырым, элдик ишенимдерге караганда өлүмдү ыйык санайт. Такыбалар аза күтүшөт, бирок, адамдын жаны өлбөй, Кудай- тааланын алдына бараарына, Жараткан адамдын жанын жеңилдетиш үчүн аны денеден ажыратат деп ишенишет. Ошондуктан өлүм алдында жаткан адамга анын жаны денеден жеңил бөлүнүп чыгып тигил дүйнөгө тоскоолдуксуз өтүп кетсин деп мусулман дининде молдолор дем салса, христиандарда такыба ата дуба окуйт.

Маркумдун кийимдерин таратуу анын жанын жай алдырат

Расмий диндерде маркумдун колдонгон буюм-тайымдары да кийим-кечеги да тирүү адамдарга эч кандай зыяны тиери тууралуу айтылбайт. Жакшыбы же жаман адамбы ал каза болгондон кийин анын жаны Жаратуучуга кайтып барат дагы ал дагы, анын буюм-тайым, кийим-кечеги дагы зыян кыла албайт. Ал маркумдун тирүү кезинде кийген кийими, колдонгон буюмдарын артында калган адамдар кандай колдонот, бул алардын чечимине көз каранды.

Пpaвocлaв дининде дүйнөдөн кайткан адамдын жаны ал өлгөндөн кийин үч күн Жер бетинде болуп, тууган-туушкандары жана жакын адамдары менен коштошот. Андан соң жан аба мейкинине көтөрүлүп, эки периштенин коштоосунда Кудайдын алдына барат. Мына ушул учурда жин-шайтандар адамды тозокко тартып кетүүгө далбас урат. Ошондуктан маркумдун артында калгандар маркумдун жаны Улуу Жарыкка кетсин деп, тынымсыз тообо-ыстыкпар келтирип, дубаларды окуп катуу табынышы зарыл. Ошол эле учурда маркумдун кийимдерин, жакшы көргөн буюм-тайымдарын таратып ал үчүн чиркөөгө шам жагып, дуба кылып коюшун суранышат.

Taшкeнт жана Өзбeкиcтaндын митpoпoлити Bикeнтий (Mopapь) кайсы бир маектешүүчүндө мындай деп айтканы бар “ Маркум үчүн дуба окуп, тобо-ыстыкпар келтиргенден тышкары анын кийимдерин 40 күн аралыгында таратып жана ал кайыр садага берүү керек. Себеби маркум так ушул учурда тирүүлөрдүн жардамына муктаж болот Себеби, 40 күн аралыгында адам сурак берип Акыр Кыяматка дейре анын жаны каерде болоору такталат”.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.