Өлгөн адамдардын сүрөтүн үйгө илгенге жана сактаганга болобу?

Ар бирибиздин үйүбүздө көзү өтүп кеткен туугандарыбыздын сүрөттөрү бар. Кээ бирлер дубалдарына да илип алышат. Өтүп кеткен адамдардын сүрөттөрүн сактап, илип алган туурабы, деген суроо көптөрдү ойлондуруп келет. Анда бул нерселерге көңүл буралы.

 

 

Тирүү адамдан жандуу энергетика чыгып турса өлгөн денеден эч кандай энергия чыкпайт экен. Окумуштуулар тирүү адамды токтобос кыймылдаткыч менен салыштырса өлүктү бузулуп жүрбөй калган машинеге салыштырышат. Сүрөттөргө келсек алар башкача болот экен. Көзү өткөн адамдын сүрөтү муздак энергетикага ээ болуп калат. Ошол эле учурда тирүү адамдын сүрөтү жылуу энергия чачып өзүн билгизип турат. Мындайды көзү ачыктар бат эле табышат.

 

 

 

Баарыбыз эле туугандарыбыздын сүрөттөрүн карап отуруп көзү өткөндөрдү жакшы элестер менен эстеп турабыз. Ошол себептен улам кээ бирлер дубалдарына илип алышат. Демек, үйдө көзү өткөн адамдардын сүрөттөрүн сактаса болот, илсе дагы болот. А бирок үйдүн ичине муздак энергетика чыгарып турган сүрөттү дубалга илип алуунун кереги барбы? Дубалга илбей эле өзүнчө альбомго салып катып койсоңуз туура болот. Жана дагы тирүү адамдар менен каза болгон адамдардын сүрөттөрүн чогуу сактабаш керек экен.

 

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз