Окумуштуулар кайсы убакта адамдар секске көп тартылаарын аныкташты

Изилдөөлөргө карасак, маанилүү майрамдардын алдында – светтик болобу, диний болобу – адамдар соцтармактарда активдүү жазышып жана гуглда интим тууралуу маалымат көп издешет.

Эркектер да, айымдар да, көбүнчө Жаңы жалдын алдында секске кызыгышат. Мындай жыйынтыкка Индиана Университетинин окумуштуулары келишип, өз жыйынтыктарын Scientific Reports журналына жарыялашты.

 

– Жаңы жылдык майрамдар төрөлүүнүн көбөйүшү менен байланышкан кандайдыр бир коллективдик маанай жараткандай түрү бар. Балким, бул деген майрам убагында адамдар балдарына белек-бечкек тартуулап жатып, тукум улоо тууралуу ойлонтот жана өз бүлөсүнө олуттуу мамиле менен карайт,

– дейт изилдөөчүлөрдү бири Луис Роха.  

Изилдөөчүлөр 130 өлкөнүн бир нече миллион Интернет колдонуучуларынын 2004-2014-жылдар аралыгындагы соцтармакта жазгандарын жана издөө суроолорун анализ кылышып, кайсы убакта адамдар секске көбүрөөк көңүл бураарын аныкташкан.

Ачык болгондой, сексуалдык байланыш маанилүү майрамдардын убагында сезилгидей көтөрүлгөн – светтик болобу, диний болобу, айырмасы жок, ал эми тогуз айдан кийин төрөлүүнүн саны жогорулаган.

Ошентип, секске кызыгуунун жогорулашынын эң чоң көрсөткүчү христиандарда Рождество менен Жаңы жылда, ал эми мусулмандарда – Орозо айттан кийин байкалган.

Ошону менен бирге окумуштуулар секске болгон кызыгуу жана тукум улантуу Түштүк жарым шар менен Түндүк жарым шардын жашоочуларынан айырма табышкан жок. Бул баарыныкы болжолдуу бирдей дегендик. Окумуштуулардын оюнча, бул феномен социалдык мүнөздү гана алып жүрөт жана климатка, Жер шарынын орбитасынын абалына жана башка табигый факторлорго көз каранды эмес.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.