Окумуштуулар кан басымы бар аялдар үчүн кайсы спорт мыкты дары экенин айтты

Кан басымы жогору болгон аялдар футбол ойносо дары ичкендей эле жыйынтык болорун РИА Новости агенттиги Scandinavian Journal of Medicine and Science in Sports журналына шилтеме берүү менен билдирди.

 

 

"Кан басымы бар, мурда футбол менен ойнобогон аялдар эгер футбол фитнеси менен алектенсе ден соолугун чыңдап гана тим болбостон, ашыкча майлардан арылып, сөөгүн чыңдай алат",

— деди Оденсе шаарындагы Түштүк Дания университетинин окумуштуусу Петер Круструп.

Акыркы жылдары окумуштуулар спорттун кайсы түрү адамдын ден соолугуна пайдалуу экенин тыкыр изилдешүүдө. Жакында эле австралиялык дарыгерлер спорттун алты түрүн иликтешкен. Бул изилдөөгө жүз миңден ашык кары адам катышкан. Окумуштуулар футбол, чуркоо жана оор атлетика адамдын ден соолугуна олуттуу эч кандай пайда алып келбей турганын билдиришкен.

Бирок даниялык окумуштуулар австралиялык кесиптештери менен макул эмес. Мисалы футболду эрежеси менен туура ойносо ал адамдын ден соолугун мыкты чыңдай тургандыгын айтышууда.

Окумуштуу Круструп "футбол фитнеси" кан басымды дарылоо боюнча Данияда расмий түрдө тизмеге кирип калышы ыктымалдыгын баса белгиледи.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.