Окумуштуулар, аялдын денеси так ушундай болушу керек экенин далилдешти

Таанышып алыңыз, бул Келли Брук. Сулуу айым, модель жана актриса, бирок анын фигурасын, биз күндө жалтырак журналдардан көргөн “сулуулук стандартына” киргизгенге болбойт. Бирок, ошентсе да, аны дүйнөдө денеси эң мыкты айым деп аташты. Илимдин көз карашында!

 

 

Кайсы фигураны идеалдуу деп аташ керек деген мааниде көптөгөн талаштар болгон. Талаштарды токтотуу үчүн, Техас Университетинин окумуштуулары илимий изилдөө өткөрүштү. Кандидаттар көп болду, бирок идеалдуу деп Келли Брукту аташты.

Анын бою – 168 см, негизги параметрлери: төшүнүн көлөмү – 99 см, бели – 69 см, жамбашы – 92 см. Бешинчи размердеги бюсгалтер жана кыркынчы бут кийим кийет.

Көрсө, көпчүлүк айымдар, “бир аз арыкташ керек эле” деген фигура чынында идеалга жакыныраак болот турбайбы.

 

Изилдөөдө бардык мүмкүн болгон параметрлер эсепке алынган – жамбаштын тоголоктугунан баштап буттун узундугу, мурундун формасы, чачтын абалына чейин.

 

Эң маанилүүсү – анын сулуулугу табияттан! Эч кандай пластикалык операция болгон эмес, грамм да силикон жок, ж.б.

 

Келли Брук өзүнүн келбетине кабатыр деле болбойт, жана спортзалга да дээрлик барбайт. Анын айтымында:

“50-жылдардын аялдары азыркы моделдерге караганда алда канча сексуалдуураак болушкан. Мен аларга окшош болууну кыялданам”.

 

Окумуштуулар бул аялды идеалдуу деп аташты. Алар менен макулсузбу?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.