Окумуштуулар аялдардын эң сексуалдуу бою менен салмагын аташты

Эркектерди, арык-чырай айымдарга караганда, толугураак келген айымдар өзүнө тартаарын изилдөөчүлөр айтышты.

Айымдардын кандай параметрлери сексуалдуу болот деген талаш илгертен эле келатат. Ал талашты аялдар дагы, эркектер дагы айтып, бирок бир бүтүмгө келе албай келишет.

 

 

Шотландиянын Абердин университетинин окумуштуулары, бул талашты чечүүгө өз салымдарын кошууну чечишти. Алар аялдардын денесинин салмагы менен сексуалдуулуктун түздөн түз байланышын таап чыгышты.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, эркектерди эң көп көнүл бурдурган сексуалдуу айымдар булар, дене салмагынын индекси 22,8 ден 24,8 чейинки айымдар. Бирок булар арык-чырайлар эмес.

 

Мисалы, бул параметрлерге бою 165 см, салмагы 65 кг, же бою 170 см, салмагы 70 кг болгон айымдар кирет. Окуумуштуулар, дал ушундай параметрдеги айымдарды эркектер тандаарын көптөгөн эксперименттердин жыйынтыгында белгилүү болгонун айтышты.

Өзүңүздүн дене салмагыңыздын индексин билүү үчүн жөнөкөй формуланы колдонсоңуз болот: салмагыңызды кг менен алып, аны метр менен алынган боюңуздун квадратына бөлүңүз. Мисалы, бою 170 см (1,7 м), салмагы 54 кг болгон айымдын дене салмагынын индекси (ДСИ) 18,69.

ДСИ = 54 : (1,70 × 1,70) = 18,69

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.