Нострадамустун айлана төлгөсү. Санды басыңыз...

Мишел де Нострадамустун атактуу козу ачык болгону баарына белгилүү. Анын божомолдору чын чыккан жана дагы деле болсо укмуштуудай тактык менен чын чыгып атат.

Көзүңүздү жумуп, өзүңүңзгө суроо коюңуз жана тегеректин ичиндеги сандардын бирин басыныз. Сан сиздин суроого алган жообуңуз.

Жооптор:

 

1. Ооба. Сиз эң оор кырдаалда да акыл-эсиңизди жоготпогон адамдардын бирисиз. Ошондуктан, көйгөйлөрдөн дароо баш тартпаңыз, сизде чыдамдуулук бар. Сизди ийгилик күтүп турат. Өзүңүзгө жана башкаларга ишенүүдөн коркпоңуз.

2. Ооба. Бирок бүгүн же эртең эмес. Кимдир бирөө сиздин жолуңузга келип, бардык карталарды чаташтырууга аракет кылат. Буга өтө олуттуу мамиле жасабаңыз. Бирок бул каршылыкты да баалабай коюуга болбойт. Беттешүүдөн алыс болуңуз. Маселенин оң чечилишин табууга аракет кылыңыз.

3. Ооба. Жакынкы күндөрдөгү окуялар сиз күткөн нерселерден ашып түшөт. Эгерде сиз өзүңүздүн энергетикалык резервди туура пайдаланып, майда нерсеге көп эмгек коротпосоңуз, анда бардык артыкчылыктар сиз тарапта болот. Кандай болгон күндө дагы, өзүңүзгө да, башкаларга да чыдамдуу болуңуз.

4. Ооба. Учурда бакыт сиздин колуңузда калкып тургандай сезилет. Демек, жакшы натыйжадан күмөн саноого кичинекей себеп жок. Ийгилик сизди жетишерлик ээрчип жүрөт. Ушул бактылуу жумалардан ырахат алыңыз.

5. Так ошондой. Учурда сиз башкалардын пикирине өтө эле көп көңүл буруп жатасыз, андыктан сиз жагымдуу жагдайды бир аз коё берип жатасыз. Көпкө чойбоңуз, эми сиз менен эсептешүүгө туура келерин көрсөтүңүз. Чакан тактикалык оюндар гана адаштырат жана өз ара ишенимге зыян келтирет.

6. Иштер сиз күткөндөн бир аз кыйыныраак болот. Сиз туура эмес баштап жатасыз. Башка адамдар муну таптакыр башкача көз карашта карашат. Демек, жакын адамыңыздын жакшы кеңештерин угуп, алдамчы үмүттөргө алдырбоо сиз үчүн өтө маанилүү.

7. Маселе азырынча чечиле элек. Өзүңүзгө убакыт бөлүп, тынымсыз көйгөйлөр менен убара болбоңуз. Учурдан ыракат алганга аракет кылыңыз. Бардыгы кийинчерээк түзүлөт. Эгер мунун бардыгы сизди аябай толкундандырса, бир жуманын ичинде сыйкырдуу айланадан дагы жардам сураңыз.

8. Этият болуңуз. Сизге айткандардын бардыгына ишенбөөгө аракет кылыңыз. Кээ бир иш-аракеттерде бир аз аралыкты кармаңыз. Бүгүнкү күндө айланаңыздагы нерселердин бардыгы болуп көрбөгөндөй жагымдуу көрүнөт. Кийинчерээк көңүлүңүз чөгүп кетпеши үчүн сак болуңуз.

9. Албетте. Бирок сиз жардамсыз жасай албайсыз. Сизди кыйнап жаткан көйгөйлөр жөнүндө жакшы досуңуз менен сүйлөшүңүз. Ал кызыктар адам болбогондуктан кыраакылык менен карайт.

10. Ооба. Бирок алданбаңыз. Өзүңүзгө көбүрөөк ишениңиз, ошондо жакшы болуп кетесиз. Азыркы учурда сиз интуицияңызга толугу менен ишенсеңиз болот. Кийинчерээк көңүл калуу сезимине кабылбайсыз.

11. Суроо өтө эрте көтөрүлдү. Али быша элек нерсени толугу менен жана кайтарылгыс кылып албаңыз, өнүгүү үчүн убакыт калтырыңыз. Бир аз артка чегиниңиз. Бул үчүн башкалар сизге ыраазы болушат.

12. Бул мүмкүн. Баардыгы сиз элестеткенден кыйла тез жана позитивдүү өнүгүп жаткандыктан. Сиз кызыкпаган адамдай таасир калтырууга аракет кылбаңыз. Көңүл буруңуз: кимдир бирөө чындыгында эле сиз менен дос болгусу келип жатат.

13. Баары план боюнча болбойт. Өзүңүзгө ишенимсиз болуп жатасыз. Бул сиздин кээ бир досторуңузду адаштырат. Алар сизди күтүлбөгөн адам катары көрүшөт, бул сиздин пайдаңызга тийбеси анык. Бул имиджиңизди бузат. Башкалар сизди ойлогондон дагы жакшы көрүшөт.

14. Баары жакшы болот. Бирок сиз өзүңүз активдүү болсоңуз гана. Баарына уруксат берилет, бирок кечиктирбеңиз. Демилгени колго алып, эффективдүүлүгүңүз жана идеяларыңыздын көптүгү менен баардыгын таң калтырыңыз.

15. Ооба, сиз өз бактыңызга ишенсеңиз болот. Сизди күтүлбөгөн жана жагымдуу тагдыр күтүп турат. Эми эч нерсе ойлоп табуунун кереги жок, болгону күтүүгө туура келет. Шашылыш иш-аракеттер сизди керексиз тарапка алып барат жана зыян келтириши мүмкүн.

16. Бардык үмүттөр акталат. Бирок сиз элестеткендей эмес. Ошондуктан, бир гана максатты көздөбөй, бардык өзгөрүүлөргө даяр болуңуз. Ийкемдүү болуңуз жана эч кандай жүйөөнү четке какпаңыз.

17. Дагы эле суроо астында. Сиздин каалоолоруңуз жөнүндө жакшылап ойлонуш керек, анткени сиздин сезимдериңиз толук быша элек. Ошондуктан, экинчи тараптан көп нерсени күтүп жатасыз. Жакынкы күндөрү баары өзгөрүүсүз калат. Бирок, кээ бир бактылуу жагдайлар сиздин иштериңизди тактап коё алат. Ички үнүңүздү кунт коюп угуңуз.

18. Сизде кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Башында көңүлүңүз калышы мүмкүн. Бирок, бул сиздин мүмкүнчүлүгүңүз жокко эсе дегенди билдирбейт. Тескерисинче: көңүл калуу оң өнүгүүгө түрткү берет. Досторуңуздун чөйрөсү өсүп туруктуу болуп калат.

19. Ишенбөө жана ачуулануу дагы деле болсо сизден алыс. Бирок өзүңүздүн шектенүүңүздөн тез арыла албасаңыз, анда көп нерсени бузасыз. Эгер ийгилик сизден өтүп кетсе, анда күнөө сиздин өтө эле жөнөкөйлүгүңүздө жана өзүңүзгө болгон ишенимсиздигиңизде. Аларды четке таштаңыз! Башка адамдар менен мамиле түзүүдө ачык жана достук мамиледе болуңуз.

20. Ооба. Учурда бакыт сиздин колуңузда тургандай сезилет. Демек, жакшы натыйжадан күмөн саноого кичинекей себеп жок. Ийгилик жетиштүү болот

21. Ооба. Максатка акыры жетүү үчүн аз гана күч-аракет жумшоо керек. Батыныңыз, тобокелге барыңыз - акыркы дем, ошондо сиз ийгиликке жетесиз. Айланаңызда болуп жаткан окуяларга көңүл буруңуз, эсиңизде болсун - жөн нерсе болбойт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.