Нооруз жөнүндө кызыктуу беш факты

Нооруз майрамынын тарыхы, ага тиешелүү элдик салттар жана Совет доорунда аны кандайча белгилеп келгени туурасында таанымал тарыхчынын баяндамасы.

Эгемендикти алгандан бери кыргызстандыктар Ноорузду аянттарда шаан-шөкөтсүз, сүмөлөксүз жана арча жыты жок элестете албайт. Бул майрам илгертеден кандайча майрамдалып, биздин күнгө кантип жеткени жөнүндө тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов баяндап берди.
 

1. Сүмөлөк жөнүндө

"Туркестанские ведомости" (1917-жылга чейин Түркстанда чыккан, Ташкентте басылган орус тилиндеги биринчи гезит) XIX кылымдагы сандарынын биринде бир кызыктуу маалымат жарыяланган. Кыштан араң чыккан айылдыктар, жазында дан эгини жок, ачкачылык каптап турган мезгилде кампаларындагы эң акыркы эгинди жыйнап, ортого коюшкан. Өсүп кеткен данды майдалап, казанга салып, аны "акыркы ырыскы" катары көрүп, "эгин бышканга чейин аман-эсен жетели", — деген тилек менен сүмөлөк жасоону салт кылып алган экен. Кыргыздарда бүгүнкү күндө көпчүлүк айылдарда сүмөлөк жасоо — ынтымактын символу катары ушул күнгө жеткен.

2. "Алас, алас! Ар балээден калас!"

Бул сөздөрдү кыргызга түшүндүрүүнүн кажети деле жок. "Өзүбүздү, айланабызды, оюбузду тазарталы, таарынычтарды кечиришели" деген ой менен арча түтөтүп, ырым-жырымын жасашып, улуу кишилер батасын беришкен. Бул ырым жалаң гана Нооруз майрамында колдонбостон, акыркы учурларда той-топурларда символикалуу Умай Эненин катышуусу менен колдонула баштады. Эң кызыгы, "алас-алас" кыргыздарда эле кеңири колдонулуп, казактар кээде эле айтпаса, Ноорузду белгилеген башка элдер дээрлик колдонбойт экен.

3. Нооруз — бул дан эгүү заманынын келгендигинен кабар

Нооруз — бул дан эгүү заманы келгени дегендик, алгачкы жолу эгин талааларына үрөндү сээп баштаган күн. Ушул күндү дыйканчылыктын башталышы же эмгек майрамы деп коюшат. Кыргыздар табияттын сырын жакшы өздөштүрүп, күндүн узаруу, кыскаруусун, төрт мезгилдин алмашуусун кудум куштар сыяктуу туюп, ошого жараша көктү,жылдыздарды карап эгин сээп, жыйнаган. Марттын жыйырмасынан кийин жер жылып, анда жетишээрлик нымдуулук болуп, Жер эне даяр болот. Жылнаама да март айынан күн менен ай теңелгенде — Жалган куранда башталып, бул майрам жазында туруктуу белгиленип келген. Кыргыздын ай аттары дагы — 12 айбанаттын ысымы менен аталган жыл санагыбыз күн календарына негизделген.

4. Ноорузду интеллигенция пропагандалап чыккан

1985-жылы, кайра куруу жана айкындуулуктун биринчи айларында тарыхчылар жана жазуучулар Бишкектеги "Аксакалдар чайханасында" чогулуп алып, Ноорузду майрамдап башташкан. Ошол жерде биринчи жолу майрамдын тарыхый жактарын изилдешип, кыргызча айдын жана жуманын күндөрүнүн аталышын талкуулап чыгышкан. Кыргыз интеллигенциясы унутта калып бара жаткан салттарга кайрылып, аны эл арасына жайылтып, мамлекеттик деңгээлге көтөрүүгө киришкен. Бул жолугушуулар 3-4 жыл уланган. Ал учурда Ноорузду расмий белгилөөгө дагы алты жыл бар эле.

5. Совет доорунда ачык майрамдоого тыюу салынбаса да...

Совет доорунда ачык майрамдоого тыюу салынбаса да, катуу тартипке көнгөн жарандар Ноорузду өзгөчө шаан-шөкөт менен белгилей алган эмес. Кыргызстандын аймагында 1925-жылдан баштап 1991-жылга чейин расмий белгиленген эмес. Эгемендикти алгандан кийин гана календарга киргизилип, кеңири майрамдала баштаган. Ал учурда "жаз майрамы" деген аталыш менен эле айылдарда өтүп келген. Бул күнү короо-жайлар тазаланып, көчөт отургузулуп, түшкө чейин талааларда үрөн сээп, түштөн кийин жаңы кийим кийинип, эл чоң казанды тегерете жаңылыктарды, келечекти талкуулап, жаштар селкинчек тээп белгилешкен. Ошентип, Нооруз жалпы алып караганда эмгек майрамы гана болбостон, маданий жаңылануунун, эзелки мурастарды сактоонун майрамы катары жашап келүүдө.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.