Никеси бар эркек башка аялдарга эч качан айтпачу 10 нерсе

Өз никесин сыйлаган эркек эч качан бул 10 нерсени башка аялга айтпашы керек. Сиздин аялыңыз - өмүрүңүздөгү эң маанилүү аял. Сиз күндө көптөгөн аялдар менен сүйлөшөсүз - көчөдө, жумушта, достордун арасында, бирок, сиздун достук никеңизге тоскоол болбошу керек. Аялыңызды сыйлаңыз, бул 10 нерсени башка аялга эч качан айтпаңыз:

 

 

1. Жеке жашооңуздун деталдарын

Бүлөдөгү көйгөйлөрдү башка адамдар менен талкуулабаңыз, өзгөчө башка аял менен. Бул жеке жашоого тиешелүү сөздөр сиздин аялыңыз менен гана болушу керек, же, эгер зарыл болсо, атайын адис менен гана. Көйгөйлөрдү аялыңыз менен чогуу чечиңиз, чыдамкайлык менен, бул сиздин никени күчтөндүрөт.

 

2. Сиздин аялыңыздын адресине критика

Аялыңызды башка аялдардын алдында критика кылбаңыз. Жубайыңызды сыйлаңыз жана, эгер анын айткан же кылган нерселери кооптондуруп турса, анын өзү менен гана талкуулаңыз.

3. Үй бүлөлүк бизнести

Үй бүлөлүк бизнес тууралуу маалыматтарды жайылтуу сизге жана сиздин жакындарынызга көп ыңгайсыздыкты алып келет. Анткени сыр болуучу маалымат ачыкка чыгып кетиши мүмкүн.

 

 

4. Өзүңүздүн жеке сырларды

Өз аялыңызга гана ишениңиз, башка эч кимге ишенбеңиз. Аялыңыз гана, жакшы кабарды да, жаман кабарды бөлүшө турган адамыңыз болушу керек. Сырыңызды башка аял менен чогуу сактоо никеңизге коркунуч жаратат.

5.Никедеги оорчулуктар

Башка аялга барып, үй бүлөлүк көйгөйлөрүңүздү бөлүшсөңүз, ал сизди аяшы мүмкүн, бул өтө коркунучтуу жыйынтыкка алып келет. Көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн аялыңыз менен гана бирге иштеңиз.

 

 

6. Эркелетип атабаңыз

Коллегаңызды же досуңузду эркелетип атап жатып эч кандай жаман ойлобошуңуз мүмкүн. Бирок, эркелеткен атты аялыңызга гана коюшуңуз керек жана анын кандайдыр бир мааниси болуп, башкаларга колдонулбашы керек. Эч качан мындай мамилени башка аялдарга колдонбоңуз.

7. Бир нерсени сиздин аялыңыздан жакшы кылып жатса

Башка аялды өз аялыңыздан жогору койбоңуз. Сиздин аялыңыз ал салыштырманы эч качан билбеген күндө да, ал аялды ыңгайсыз абалга калтырып коёсуз.

 

 

8. Эч качан башка аял менен убактыңызды бирге өткөрбөңүз

Аялыңыз менен мамилеңиз жакшы болбой турган күндө да, күнөө деп саначу эч нерсе болбосо да, башка аял менен бирге убакыт өткөрбөңүз. Анын зыяны сиздин никеге тийиши мүмкүн. Досторуңуз менен чогуу болгонго аракет кылыңыз, макул болсо аялыңыз да силер менен бирге болсун.

9. Ажырашууну пландап жатсаңыз

Ажырашууну каалап турганыңызды туугандарыңыз, балдарыңыз же башка бирөөлөр билишин каалабайсыз, ошондуктан, башка аялга айтууну күтө туруңуз.

 

 

10. Өтө көп комплимент

Башка аялга комплимент кылса болот, бирок аны күнүмдүк адатка айлантып албаңыз. Сиздин комплимент ага ар кандай сезим жаратышы мүмкүн: ал сиз ага кызыгып аткандай түшүнүп, сиз менен флирт башташы мүмкүн.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.