Никени өмүр бою сактоо: Жаңжал учурундагы 5 болбойтту чоң эне айтып берди

Чыр-чатактар ​​ар бир үй-бүлөдө болот жана бул нормалдуу нерсе. Бирок нике бузулбашы үчүн, кайсы чектен өтпөш керек?

Үй-бүлө куруп, биз кайгы-капада да, кубанычта да бирге болууга убада беребиз жана бири-бирибизди колдоо тууралуу айтпай деле койсо болот. Бирок чыр-чатак башталып кетип, экинчи жарымыңды колдоо жөнүндө ой да болбой калганда эмне кылуу керек?

Бул жерде узак жылдар бою бактылуу нике курган акылдуу муун чоң ата-чоң энелердин кеңештери жардам берет. Жубайлардын ортосундагы талаш-тартыштар боло берет, бирок морт жандуу сүйүү мамилелерин бузбоо үчүн 5 болбойт бар.

 

1. Күнөөнү бири-бириңерге оодурбагыла

Күнөөлүүсүң деп айтууга аракет кылуу эч нерсеге алып келбейт. Өнөктөш сизди басмырлап, өзүн коргой баштайт же сизин кемсинткен сөздөрүңүздөн коргонуп баштайт, бирок ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей калат. Бардык сөздөр сиздин жеке абалыңыздан келип чыгышы керек: "мен буга капа болдум ..." же "... болгондо тынчсызданам" ж.б. Байкасаңыз, болуп аткан нерсени сиз туура эмес түшүнүп атканыңызга ал күнөөлү эмес. Бири-бириңиздин сезимдериңизге зыян келтирбөөгө аракет кылаарыңарга макулдашып алгыла.

2. Ажырашуу жөнүндө сүйлөбөңүз

Эгер сиз азыр муну чын эле каалап турсаңыз да, ажырашуу тууралуу сөз козгобоңуз - бул ажырашууга барган биринчи кадам. Көп өтпөй, ажырашуу менен коркутуу адатка айланат, же өнөктөш сиздин сөздөрүңүзгө маани бербей калат, же ажырашуу жаңжалдан чыгуунун эң оңой жолу деген ойдо калат.

 
3. Башкалар менен салыштырбаңыз

Өзүңүздү да, жубайыңызды да, мамилелериңизди да башкалар менен салыштырбаңыз. Сиз өзүңүз толук инсансыз, жана мамилеңер да индивидуалдуу. Так силерге окшоштор болгон эмес жана болбойт дагы. Башкаларга салыштыруу менен, сиз өнөктөшүңүздү жетиштүү деңгээлдеги инсан эмес дегендей кодулайсыз, ал өз учурунда сизге идеалдуу жакка орой түрдө колу менен жол көрсөтүп коёт.

 
4. Эски таарынычтарды козгобоңуз

Өткөн нааразычылыктардын коштоосунда жашоо жана жаңы жаңжалдарда аларды колдонуу чоң жаңылыштык. Чыныгы көйгөйгө жана анын чечилишине көңүл буруңуз жана от чыгып кетиши үчүн, ага май тамызбаңыз. Мындан тышкары, өтүп кеткен нерсени дайым эстей бергенден пайда жок. Сиз аны кечиргенсиз жана ал фактыга моюн сунгансыз, ошондуктан "күнөөлөрдүн кечирилиши" үчүн кайрадан өкүнүүнү талап кылбаңыз.

 
5. Сүйлөп аткан сөзүңүзгө көңүл буруңуз

Чындыгында, ачууланып турган убакта аны аткаруу өтө кыйын, бирок кокусунан учуп чыккан сөз менен шеригиңизди өмүр бою жарадар кылып аласыз. Жана, ал да сизге катуу жооп бериши мүмкүн. Ошентип өз ара ажылдашуу диалогду конструктивдүүлүктөн ажыратат жана таарыныч экөөңөрдүн тең жүрөгүңөрдө сакталып калат.

Эгерде чыр-чатак учурунда сиз чектен өтүп, катуу кетип жатам деп ойлоп баштасаңыз, терең дем алып, сүйлөшүүнү бир азга токтотуп, өзүңүзгө келүүгө аракет кылыңыз.

 

Чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылыңыз, ошондо бекем нике жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.