Никеде бардык эркектер аялынан күткөн 9 нерсе

Никедеги бардык эркектер жөн гана жыныстык муктаждыктардан тышкары каалоолору көп болот. Эгер сиз эң мыкты аял болгуңуз келсе, анда бул муктаждыктар менен өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздүн чегинде таанышыңыз керек.

Аялдарынан каалаган нерселерин, күйөөлөрү дайыма эле ачык айта беришпейт. Бирок, эгер ал сизге бир нерсе айта албай жатканын сезсеңиз, кабатыр болбоңуз. Бул макала сизге жардам берет.

Ал сизден кандайдыр бир нерселерди талап кылбагандыгы сизди күч-аракет жумшабай эле кой дегенди билдирбейт. Эгер сиз ага, бул жерде жазылгандарды берүү үчүн кам көрсөңүз, түбөлүккө созула турган бекем нике түзүү мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатасыз!

 

1. Байлануу

Ал дайым сиздин ага болгон сүйүүңүздү билдиришиңизди каалайт. Мойнуна албашы мүмкүн. Ал тургай, бул каалоосун сизден жашыргысы келиши мүмкүн. Бирок аны тымызын көксөйт. Ар бир эркек үчүн аялдын ага болгон сүйүүсү жана мээрими маанилүү, өзгөчө бул аял анын жубайы болгондо. Андыктан жигитиңизге аны канчалык сүйөөрүңүздү айтуудан эч тартынбаңыз.

2. Сабырдуулук жана түшүнүү

Ал жашоодо жана мамилелерде дайыма эле баарын туура кыла бербейт. Жана ушундай учурларда сабырдуу жана түшүнүү менен мамиле кыласыз деп үмүттөнөт. Ал адам экенин, адамдар ката кетирерин дайыма түшүнөсүз деп үмүттөнөт.

3. Барктоо жана ыраазычылык

Эгер жолдуу болсоңуз, сиз жана сиздин мамилеңиз үчүн чындап эле баарын кыла турган адам менен бирге болосуз. Ал бактылуу мамиле түзүү үчүн аракет кылат. Жана сиз анын аракетин баалашыңызды каалайт. Ал сиз үчүн кылган бардык нерсени баалайт деп үмүттөнөт.

4. Кабыл алуу

Ал сиз аны кандай болсоң, ошондой кабыл аласыз деп үмүттөнөт. Ал өзүнүн кынтыксыз эмес экенин билет. Ал өзүнүн кемчиликтери бар экенин билет. Бирок сиз мунун баарына карабай аны сүйө аласыз деп үмүттөнөт.

5. Азыраак драма

Бул универсалдуу чындык: бардык адамдар драманы жек көрүшөт. Жана ал сиздин жашооңузга керексиз драмаларды алып келбей турганыңызды билгиси келет. Ал сизден туруктуулукту, ырааттуулукту жана ишенимдүүлүктү тапкысы келет. Драма сиздин жашооңузду гана солкулдатат.

6. Сыйлоо

Бул дүйнөдөгү эч бир мамиле өз ара урматтоонун негизинде түзүлмөйүнчө эч качан бекем жана саламат болбойт. Ал сиздин аны дайым адам катары жана сүйүктүү адамыңыз катары сыйлашыңызды каалайт. Ал сиздин аны басынтууңузду же анын кадыр-баркын кемсинтүүңүздү каалабайт.

7. Эркиндик

Экөөңүздөр мамиледе болгонуңар, индивидуалдуулугуңардан баш тартасыңар дегенди билдирбейт. Ал үчүн өзүнүн жеке мейкиндигин сактап калуу маанилүү. Ал сиз анын каалоосун сыйлай аласыз, ага жеке мейкиндик бере аласыз жана анын эркиндигин чектебейсиз деп үмүттөнөт.

8. Ишеним

Ал дайым ага ишенишиңизди каалайт. Тынымсыз эле, анын ийнине карап койгон, артынан ээрчип алган кыз менен мамилени издебейт. Ал өзүнө ишене албаган аялды каалабайт.

9. Чын жүрөктөн баарлашуу

Күндүн аягында ал сиздин компанияңызда убакыт өткөргүсү келет. Сүйүү деген ушул. Эгер экөөңөр тең картаңарды туура ойносоңор, анда бири-бириңерден өмүрлүк өнөктөш табасыңар. Калган күндөрүндө бири-бириңизди сүйүп жашоого мүмкүнчүлүк аласыз. Жана бул сейрек кездешет, ошондуктан биз аны тапкандан кийин, аны сактап калуу үчүн дайыма күрөшүшүбүз керек!