Мырзаңыздын бою кыска болсо... Эмнеге бою кыска эркек идеалдуу деген 10 себеп

Стандарт боюнча, идеалдык эркектин бою 190 см болуш керек экен, кудай сактасын андан бир см ылдый болуп калгандан! Чынында эле, бойлуу, ийиндүү эркек – сулуу болот. Бирок, бою кичине эркек жаман деп ким айтты?

Anan.kg тизмектеп, эмнеге бою кыска эркектер идеалдуу деген 10 себепти чыгарды.

 

1. Өбүшүү

Сиз бетинен өбүш үчүн, буттун учуна туруп, моюнуна асылуунун кажети жок. Өзүңүз ойлонсоңуз: өбүшкөнгө ыңгайлуу, бетин дайым көрөсүз, кулагына жагымдуу бир нерселерди шыбыраганга дагы оңой.

 

 
2. Супермодель

Аны менен керек болсо эң жапыз каблук кийсеңиз дагы өзүңүздү супермодель сезесиз.

3. Наполеон

Болду-болбоду, сиздин мырзаңыз наполеон синдрому менен ооруйт. Бою кыска адамдар, өзүнүн боюн кемчилик деп эсептешип, башка нерсе менен компенсация кылганга жан урушат. Эгер анын компенсация кылчу полигону төшөк оюну болсо – анда сиздин жолуңуздун болгону!

 

 
4. Кийим

Джинсы сатып алат элем деп баш оорутпай деле койсоңуз болот. Эгер анын шымы жагып калса, тартып алсаңыз болот. Сизге эч нерсе дебейт.

5. Тамаша

Сиздин боюңуз жөнүндө эч качан шакабалабайт. Эч качан үстүртөдөн карап шылдыңдаган суроо бербейт: “Эй, ылдый жакта аба-ырайы кандай”, бирок сиз дагы антип тамашалабаңыз.

 
6. Селфи

Сиз Instagramга чогуу түшкөн сүрөт жүктөгөндө анын башы толук көрүнөт.

7. Мебель

Сиз уктоочу бөлмөгө кингсайз-керебет батырам деп убара болбойсуз.

 
8. Заначка

Керек болсо, сизден каткан акчасын, канчалык бийик катса дагы, оңой эле жетип, алып алсаңыз болот.

9. Төшөктө

Төшөктө сиз үчүн көп орун бар. Уктап жатканда, бетин же башка жерин тээп алам деп коркпой, ары-бери оонап жатканга эмне жетсин.

 
10. Чынында кимдин канча иши бар – ал сиз үчүн эң мыкты адам.

Facebook барагыбызга жазылыңыз