Мырзалар менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнгө болбойт: Тыюу салынган 6 тема

Сиз өзүңүздүн жолдошуңуз, же жигитиңиз менен абдан жакын болуп, бири-бириңизден жашыра турган нерселер жок болсо дагы, сүйүктүүңүз менен баарлашууда козгобой турган темалар бар. Эгер сиз сүйүктүүңүз менен ачык сүйлөшкүңүз келип, андан бул темалар тууралуу сурай турган болсоңуз, этият болуп шашпай туруңуз. Анткени мындай ачык сүйлөшүүлөрдүн арты жакшылык менен бүтпөйт.

 

 

1. Сиз чындыгында анын ата-энеси жөнүндө кандай ойдосуз

Түгөйүңүздүн ата-энеси тууралуу кандай ойдо болбоңуз, аны эч качан ачык айтпаңыз. Ал өз ата-энесинин кемчиликтерин билет жана кандай болбосун аларды коргоп сиз менен урушууга чейин барат. Ата-эне деген ата-эне да, аларды алмаштыра албайт.

2. Атактуулардын кимиси сиздин кыялыңыз

Биз баарыбыз, эркектир аялдыр атактуу ырчы, спортчу же киножылдыздардын жактырып калабыз, бул нормалдуу эле көрүнүш. Бирок сиз кайсы жылдыздын кучагында болгуңуз келгенин түгөйүңүздүн билбей эле койгону оң.

3. Жигитиңизге жолугушууга келүү үчүн канча күч жумшадыңыз

Албетте жолдошуңуздан мындай нерсени жашыра албайсыз. Ал эми жаңыдан мамиле куруп баштаган адамыңызга мындай нерселерди айтпаңыз. Жолугушууга барганга чейин канча саат сулуулук салондо отурганыңызды, тырмак жасалгалоого канча убакыт жана акча коротконуңузду билбей эле койгону жакшы болот.

 
4. Теридеги көйгөйлөр

Ар бирибиздин денебизге маал маалы менен безеткилер чыгып турат эмеспи, жада калса супермоделдерге дагы. Мырзаларга баса айтуунун кереги жок, мисалы: “Ой менин мойнума безетки чыгып калыптыр!” мырзаңыз байкабайт деле, эгер байкаса дагы, ал нерсе тууралуу сүйлөшкүсү келбейт.

5. Дене мүчөдөгү көйгөйлөр

Курбулардын “Бул көйнөк мени толук көрсөтөбү” деген сыяктуу сөздөрү эркектердин кыжырын келтирет. Алар бул суроого эмне деп жооп беришти билишпейт. “Ооба толук көрсөтөт” десе таарынабыз, “жок, билинбейт” десе дагы жактырбайбыз, өзүм эле ушундаймынбы деп, айтор аялды өзүнө ишенимдүү болуп жүрүүсү гана эң сулуу көрсөтөт.

 
6. Айыз күндөрү тууралуу

Албетте айыз күндөрүн сүйүктүү мырзабыздан жашыра албайбыз. Мырзаңыздын сиздин этек кириңиз кайсы күнү келишин, канча күндө бир келишин билип алганы сизди жакшы түшүнүүгө жана сизге кам көрүүгө жардам берет, мисалы: тампон алып келип берип, ромашка чайын даярдап берип дегендей. Бирок айыз күндөрү тууралуу майда баратына чейин айтып берип мырзаңызды коркутпаңыз..

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.