Мусулмандар ойлоп тапкан 5 нерсе. Сиз муну билген эмессиз...

Көпчүлүгүбүз эле түшүнө бербейбиз, Чыгыштын эли ойлоп тапкан нерселер жок болгондо, азыркы жашоо такыр башкача болмок.

Бул жерде илимди айтпайбыз. Себеби, математика менен медицина, жана башка көп илимдер, байыркы мусулман өлкөлөрүндө жакшы өнүксө, кээси ошол жактарда негизделген.

Бүгүн эң жөнөкөй, бирок маанилүү, азыркы илимий-техника менен жашоонун негизи болгон ойлоп табуулар тууралуу жазалы деп чечтик.

Кофе

Легенда боюнча, Калди деген араб түштүк Эфиопиянын Каффе деген жеринде май кайтарып жүрүп, жаныбарлар бадалдын жемиштерин жегенде, энергиялуу болуп калганын байкаган. Ал жемиштерди жыйнап, Халид дүйнөдө биринчи болуп кофе кайнаткан.

Эң биринчи кофенин даны Эфиопиядан Йеменге келген, ал эми 15-кылымда Мекке менен Түркияга, анан, 1645-жылы Венецияга келип, Европага тараган.

Шахматтар

Бул хандардын оюнун илгертен эле байыркы индустар ойноп келгени белгилүү, бирок ал такыр башкача оюн болчу. Бул оюндун азыркы варианты Персияда пайда болгон, аяктан анан Европага тараган.

Парашют

Бир туугун Райттарга чейин миң жыл мурун эле, учуучу аппарат куруу мусулман акыны, астроному жана инженери Аббас ибн Фирнанстын оюна келген.

852-жылы жыгач доскалар кадалган плащь менен мечиттин чатырынан секирген. Фирнанс уча алган эмес, бирок жерге акырын түшүүсү менен биринчи парашют жаралган.

Самын менен шампунь

Ислам дини күнүнө бир нече жолу даарат алууну талап кылат. Ошондуктан, самынды мусулмандар ойлоп тапканы таң калыштуу деле эмес. Ооба, самынга окшогон нерселер байыркы рим менен египеттин жашоочулары колдонгон, бирок заманбап атыр самын менен шампундун башы араптардан башталат.

Шамаал тегирмен

Шамаал тегирмен биринчи жолу 634-жылы жүгөрүдөн ун жасоо жана суу менен камсыз кылуу үчүн куралган. Тегирмендин 6 же 12 канаты болуп, кездеме жана пальма жалбырактары менен капталган. Европага биринчи тегирмен 500 жылдан кийин келген.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.