Мурдагы жашоодо ким болгонсуз? Туулган күнүңүз айтат

«Жоктон бар болбойт, бардан жок болбойт» деген улуу окумуштуунун сөзүнүн чындыгын далилдегенсип, биз жарала электеги мурунку жашоо баарыбызды кызыктырат. Биз ким элек, ким болдук? Издей келгенде адамдын мурунку жашоосу кийинки жашоосуна да чоң  таасирин тийгизет экен.

 

 

Биздин редакция төмөндөгү ыкма менен мурунку жашоодо эмне иш менен алектенгенибизди аныктоого жардам берет. Ал үчүн болгону туулган күнбүздүн числолорун кошуп, бир санды аныктайбыз. Мисалы 1969-жылдын 12-апрелинде төрөлдүңүз дейли, анда: 1 + 2 + 0 + 4 + 1+ 9 + 6 + 9 = 32 = 3 + 2 = 5.  

5 деген сан келип чыкты. Анда ар бирибиз бул ыкма менен өз саныбызды аныктап, анан мурунку жашоодо эмне иш менен алектенгенибизди билип алалы.

1 саны

Чыгармачылыкка ышкыбоз же чындап өнөр дүйнөсүнүн жүгүн аркалаган адамдар. Балким, сиз башка кесипте иштээрсиз, бирок жүрөгүңүз чыгармачылыкка ыктап турат. Мурдагы жашоодо дагы искусствону сүйгөн, курулуш иштерин мыкты билген адамдардын саны -1.

2 саны

Бул жашоодо мүмкүн сиздер мамлекеттик кызматтарда эмгектенип же коомдук иштер менен алектенесиздер. Ал эми мурунку жашоодо бийчи же актер болушуңуздар ыктымал, анткени көңүл чордонунда болууну жан дүйнөңүздөр самап турат.

 
3 саны

Окутуучулук,  аскердик ишти аркалагандар, тергөөчү, милиция кызматындагы адамдар. Ал эми мурунку өткөн жашоодо сыйкырчы, маг, эзотерик жана дарыгер болушкандар. Кызык бекен?... Ошонун таасиринен уламбы бул жашоодо сиздерде алтынчы туюм абдан өнүккөн.

4 саны

Качандыр бир  кезде, кайсы бир жашоодо темирге жан салган усталар, бүлүнгөн техникаларды жыйнап-терип оңдоп салган механиктер, эскиден жаңыны жасаган ойлоп тапкычтар, эсеп-кысапка так бухгалтер, экономисттер бул жашоодо да ойлонуп, шашылбай иштеген, иштесе ишинин майын чыгарган чыныгы адистер.

 
5 саны

Мурдагы жашоодо сот, прокурор, адвокат болушкан. Же көчмө циркте иштешкен. Кандай гана иш менен кай жерде гана алектенбесин 5 санынын адамдары бири бирине такыр окшошпойт, ар бири өзүнчө дүйнө сыяктуу табышмактуу келишет.

6 саны

Мурдагы жашоодо диний кызматкерлер, дарыгерлер болушкан.  Кыскасы адамдардын алкышына татыган, сүймөнчүлүккө ээ болгон адамдар. Азыркы жашоодо деле ушул сыяктуу иштер менен алектенишет. Алар табиятынан боорукер, өзүндө болбосо да өзгөдө болсун деген ак пейил адамдар.

 
7 саны

Жашоонун табышмактуу сырларын изилдөөгө болгон ынтызарлыгыңыз сизге мурдагы жашоодон калган мурас десек болчудай, анткени өткөн жашоодо атактуу окумуштуу, окутуучу болгондор. Мындан тышкары 7 деген санга ээ адамдар ашпозчу, ювелир кесиби менен алектенгендер. Кандай жумушта иштебесин алар эксперимент жасаганды жактырышат, утулуп калса маданияттуу жеңилгенди да билген чыдамкайлар.

8 саны

Мурдагы жашоодо сот иштери менен алектенгендер жана да кыймылсыз мүлк боюнча мыкты адистер бул жашоодо саясат жаатында мансап жасай алышат. Анан да бул адамдардын ташы өйдө кулашынын бир себеби алар нагыз кесипкөй адистер, иштеген ишин беш колундай мыкты билишет.

 
9 саны

Өткөн жашоодо мода, сулуулук менен алектенген бул адамдар азыркы жашоодо деле өткөн чактагы өнөрүн улантып, кийимдер көргөзмөлөрүн уюштургуч, модель, сүрөтчү, визажист же мода сынчысы болуп иштешет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.