Муну укканда, мен токтоосуздан дезодорантты ыргытып салдым!

Көпчүлүк адамдар тердин жагымсыз жытынан арылуу үчүн биринчи орунда дезодоранттар менен антиперспиранттарды колдонушат.

 

 

 

Сиздин денеден бөлүнүп чыккан тер дермцидин белогун камтыйт, ошол белок териге вирустар менен бактериялардын жабышышынан коргойт. Дезодорант менен антиперспиранттар алюминий туздарынын жана башка зыяндуу заттардын жардамы менен тешикчелерди бүтөп, тердин чыгышына тоскоол болот, бирок алар денеге вирустар менен бактериялардын киришинен сактабайт. Көбүнчө тер чыгарбоочу ингредиенттер, өзгөчө алюминий, төмөнкү ооруларды чакыраары далилденген: рак, Альцгеймер оорусу жана тукумсуздук.

Ар бир дүкөндө эле сатылган жемиш бар. Химиялык дезодоранттарды алмаштыра алган табигый жана саламат жолу – бул лайм.

Лаймдын антибактериялык касиети бар. Дененин жыты – бул тердин активдүү бөлүнүп чыгуусунан келбейт, теридеги бактериялардын айынан чыгат. Бул бактериялар жылуу жана ным чөйрөдө бат көбөйүп, биздин жүрөктү айланткан жытты чыгарат.

Өзүңүздүн жеке дезодорантыңызды даярдоо үчүн – болгону лаймды экиге бөлүш керек. Кесилген тарабы менен колтуңузду сүртүп көрүңүз.

Кандай гана кийим болбосун, кийээрдин астында, колтугуңуз кургаганына ынаныңыз. Андай болбогон күндө кийимде так калып калат.

Лаймды тамак аш пленкасына ороп коюп, бир нече жолу колдонсоңуз болот. Колдоноордун алдында, жаңыртуу максатында ичке катмарын тилип салыңыз.

Дагы эле ишенбей жатсаңыз, бул видео-экспериментти көрүңүз:

 

Видеодогу кыз лаймды дезодорант катары жети күн колдонуп, жыйынтыгына таң калган. Керек болсо ал душка бир күнү түшпөй да көргөн, таң калтырганы, уйкудан кийин жыт жок ойгонгонун айтат.

Лаймдын бул касиети менен өзүңүздү таң калтырып көрүңүз. Ага да мүмкүнчүлүк берсеңиз, акчаңызды үнөмдөп каласыз жана химиялык дезодоранттардай кыйыр таасир берет деп ойлонбойсуз.

Айтмакчы, кадимки эле лимонду да ушундай кылып колдонсо болот, деп видеонун комментарийлеринде жазышыптыр. Эмнеси болсо да, колдонуп көрмөйүн айта албайсың.

Бул керемет рецептти досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.