Муну ар бир айым билиши керек! Айымдарга эң керектүү 15 азык-түлүк

Айымдардын  сулуулугу жана саламаттыгы анын жеп-ичип жаткан тамагына көз каранды. Туура тамактануу аялзаттын сулуулугун эле сактап калбай дени сак бала төрөшүнө да пайдасын тийгизет. Кайсы азык-түлүктөргө басым жасап, кантип туура тамактаныш керек деген суроо жооп кылып 15 түркүн эң пайдалуу азыктардын тизмегин сунуштайбыз.

 

 

1-орунда деңиз балыгы турат.  Майлуу сорттогу лосось, форель, скумбрия, осетр ж.б. балыктарда В түркүмүндөгү витаминдер, кальций, цинк, темир жана магний заттары көп. Андыктан айымдар дасторконуңардан мына ушул балыктар үзүлбөшү керек. Балыктын дагы бир пайдалуу касиети омега-з майлуу кислотасы кош бойлуу учурда баланы көтөрүүгө ыңгайлашкан жамбаш сөөктөрүнүн кемиктерин бекемдейт жана түйүлдүктүн жатында өөрчүшүнө чоң таасир тийгизет.

2-орунда  олив дарагынын майы. Жер Ортолук деңизинин тегерегинде жайгашкан олив дарагынын мекени болгон өлкөлөрдөгү айымдар  эмчек рагы менен көп оорушпайт. Анткени алардын күнүмдүк тамак-ашында олив майынын көп колдонулушу. Олив майынын курамындагы олеин кислотасы залалдуу шишикти кабылдатуучу HER-2/neu” аталган зыяндуу заттын ишин солгундатат. Так ушул зыянкеч зат эмчек шишигин пайда кылуучу деп эсептелет.

Тамак сиңирүү органдары  үчүн олив майы миңден бир дарылык касиетке ээ. Себеби  жакшы тамак сиңирген организм ээсинин сымбаттуу, териси тунук болот.

3-орунда сабиз. Бета-каротин заты иммунитетти чыңдайт, стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Сабиз менен кам-каймакты, сары майды аралаштырып жесе боюнда бар аялдын гемоглабини жогорулайт.

4-орунда капуста. Ак кочандуу капуста, түстүү капуста, брокколи же брюссель капустасыбы айтор капуста аялзаты үчүн эң пайдалуу, өзгөчө кош кабат энелерге. Капустада  В түркүмүндөгү витаминдер курамы, С витамини, марганец жана цинк бар. Капуста -  табигый стимулятор, клеткалардын өсүшүнө жардам берет. Капустада  эне-бала үчүн эң керектүү зарыл зат фолий кычкылы арбын.

5 орунда таруу, төө буурчак, нокот. Спаржа, соя, буурчак түркүмдүү өсүмдүктөр, таруу, төө буурчак аялзаты үчүн эң пайдалуу азыктардын бири десек болот. Арыктайм дегендер буурчак жешсин, себеби буурчактарда май аз, клетчатка көп. Төө буурчакты көп жегендер 22% оор салмактан арылышат.

 Буурчактардын чоң жардамы ичеги карындагы шишиктин алдын алат, соя эттин ордун басат, анткени сояда балыкта кездешчү липид, лецитин, холин, В, Е тобундагы витаминдер жана микроэлеменеттер бар.

6-орунда зыгыр (лён) майы жана уругу турат. Зыгыр майы эмчек рагына каршы, шишикти кичирейтүүчү жана жоон ичегидеги простатитти айыктыруучу, ал эми уругу жүрөк илдетинин алдын алып, жүрөктүн бат-бат сокконун жайлатып, кандагы зыяндуу холестеринди азайтат. Зыгыр майын ичи катканда, диабет болгондор кандагы глюкозаны бир калыпта кармоо үчүн колдонушат. Артрит, асма илдеттерин козгогон суук сезгенүүдө дагы зыгыр майы жакшы жардам берет.

7-орунда таза суу. Тери кургап кетпеш үчүн, ашказан, он эки эли ичеги жакшы иштеп турсун деген айымдар күнүгө 2 литр таза суу ичиши керек. Организмдеги суунун жетишсиздиги эрте картайууга,  ичтин өнөкөт катып турушуна жана  теринин бузулушуна алып келет.

8-орунда сүт азыгы. Сүт эле эмес сүттөн жасалган быштак, айран, сүзмө, курут, каймак-май аялзатына эң керектүү кальцийдин булагы. Кальцийди жаш кезибизде сулуу болуш үчүн, кош бойлуулар баланын сөөгү бекем болсун деп, картайганда остеопороз сыяктуу жагымсыз сөөк оорусунун алдын алыш үчүн ичебиз. Айран, колго жасалган йогурт, быштак  дасторконуңузда дайыма болсун.

9-орунда быштак. Катуу быштакта (сыр) боюнда барларга эң керектүү кальций абдан көп, ооз көңдөйүндө пайда болгон зыяндуу кислотадан тишти коргоочу керектүү бактериялар бар. Кальцийден тышкары  быштакта тиш эмалын сактоочу  фосфор арбын.

10-орунда кызылча. Жүрөк-кан тамыр илдети менен күрөшүүчү минералдык затка бай кызылчаны чийкилей ширесин сыгып ичкен пайдалуу. Буулап, кайнатып бышырганда кызылчадагы пайдалуу минералдар азая түшөт, антсе да   тамак сиңирүүгө жакшы жардам берет.

11-орунда сулу (овсянка). Аялзатына эң керектүү азык. Сулу боткосу ичегилердин иштешин жакшыртат, гастрит, ашказан жарасы, колит, тамак-аштан ууланганда абдан пайдалуу. Анткени сулу уулуу заттарды организмдер тазалап чыгарат. Кант диабетинде сулунун жардамы менен кандагы канттын деңгээли азаят.

12-орунда курма. Кургатылган жана жаңы курма микроэлементтерге, витаминдерге бай. Орозо кармагандар эмне үчүн курма менен ооз ачат, кырк чилтенге отургандар эмне үчүн бир күндө бар даана  курма жейт? Себеби курма күчтү толтуруучу касиетке ээ, иш жөндөмдүүлүгүн күчөтөт, ой жүгүртүүнү тездетет. Курмада В, В-1, В-“, В-6 витаминдери боюнда бар аялдын нерв клеткаларын чыңдап, белок, майлардын жана углеводдун  кайра иштелип чыгышын тууралайт.

Кой бойлууларга  курма эң керектүү жемиш, анда гемоглобинди синтездөөгө керектүү  калий, темир бар, ал эми кальций болсо түйүлдүктүн сөөгүн бекемдейт.

13-орунду клюква ээлейт. Цистит илдети сыяктуу  заара жолдорунун сезгенишине, табарсык, бөйрөк оорууларына миңден бир дары. Клюквада заара жолдорунан микроб, бактерияларды тазалоочу заттар бар.

14-орунда ачытылган капуста жана цитрус  жемиштери.  Ачытылган капустада жана лимон, мандарин, апельсин ж.б. С витамини арбын. С витамини организмди мезгилсиз картайуудан сактайт. Ачытылган капыста тамак-аш сиңирүүнү калыпка салып, организмден зыяндуу ууларды тазалайт.

15-орунда авокадо. Бул жемиш териге жана чачка эң сонун таасир тийгизүүчү витаминге бай. Жемиштеги микроэлементтер холестеринди эритип, кандан тазалап чыгарат. Сымбаттуу боломун деген аялзаты  үчүн авокадо  абдан керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.