Монако, Дубайга сулууларга ким жолдомо алып берет?

Инстаграмга киргендердин көпчүлүгү ажайып жаратылышта, укмуштай кооз курорттордун фонунда жарым жылаңачтанган жаш сулуулардын бактылуу сүрөттөрү бажырайган аккаунттарын ачышат.

 

 

Миллиондогон аялдар сүрөттөрдү суктана карап, айрымдарынын ичи тарып, үшкүрүп алышат. Бирок, жаш кыздардын мындай көздөн учкан кооз өлкөлөргө кандай жол менен, кантип барганы оюбузга да келбейт.

Сулууларды камсыздагандар Инстаграмга сүрөттөрүн эч качан койбосу бышык, себеби алардын аялдары жана көңүлдөштөрү, сүйгөндөрү жана башкалары да толтура.

Тропикалык өлкөлөрдүн деңиздериндеги кумдуу жээктерде күнгө кактанып, атактуу шаарлардын борборлорунан шопинг жасагысы келген жаш сулууларды ирээнжиткибиз келбейт. Бирок,  мындай жомоктогудай жашоого алардын 100дөн 99у  демөөрчүлүк көрсөткөн «атакелеринин» жардамы менен жеткендиги далилденген.

Бир жагынан караганда капчыгы калың, улгайган эркектерди алсак, алар көп жылдар бою тынымсыз иштеп, байлык топтошкон, эми алар жаштыкты сулуу десең сулуу, жаш десең жаш көңүлдөштөрүнөн сатып алып жатат десек да туура болчудай. Денесинин келишимдүү, сымбатуу болушу үчүн не бир диеталарды кармап, даамдуу тамактардан баш тартып арыктаган, спорт менен тердеп-кургап машыгып, сулуу болсом деп нечендеген косметикалык каражаттары колдонуп, керек болсо медициналык операцияларга чейин барган, кыскасы «Сулуулук курмандыкты талап кылат» деген девиз менен жашаган сулууларга да бай демөөрчүнүн табылышы алардын үмүтүнүн акталганына барабар.

Албетте, ар бирибиз тандоого акылуубуз. Бирибиз үй бүлөнү, дагы бирибиз мансапты, бири байлыкты…

Мына ушул саптарды окугандан кийин Инстаграмдан суйкайган гламур кыздардын сүрөттөрүн таңданып, суктанып же ичиң тарып карайсыңбы? Сен да аларга окшошкуң келеби же жокпу? Кеп ошондо...

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.