Миллиардер анын кызына үйлөнгөн адамга 180 000 000 $ берем деп убада кылды. Бирок...

Байыртадан эле белгилүү чындык – байлар дагы ыйлашат жана алар деле адам деген сөз бар. Алар деле сүйүшөт, кайгырышат, кубанышат...

 

 

Гонконгдук миллионер Сесил Чао өз бүлөсүн ойлонуп бакыт каалап келет. Ал да башкалар катары эле небере багып, мураскер күткүсү келет. Ошентсе да анын 37 жаштагы Джиджи атту кызы турмушка чыгууга шашылбай келет.

Беш жыл мурун Сесил потенциалдуу күйөө балдарды кызыктыруу максатында айла жоктук кадамга барган. Ал, кызын өзүнө сүйдүрүп, ага үйлөнгөн жигитке 60 миллион доллар төлөп берээрин жарыялаган.

Мындай марттык сепке карабай, миллиардердин күйөө баласы болууга ашыккан адамдар болгон жок. Кийин Сесил Чао сыйлыкты үч эселеп, болочок күйөө баласына 180 миллион доллар берээрин айтты.

Белгилүү болгондой, бул дагы жыйынтык берген жок. Джиджи аракет кылган бардык жигиттеринен баш тартты. Кептин баары анын эркектерди эмес, алялдарды жактыраарында экен.

Ал эле эмес, Джиджи өз жарымын тапкан. Ал кыз, Джиджинин досу, Шон Ив.

 

“Сенин кызың катары, сени аябай бактылуу кылгым келет! Тилекке каршы, сенин мен жөнүндө оюң чындык менен дал келбейт”,

- деп кызы атасына позициясын түшүндүргөн.

Кызынын тандаган жарымы келбети жагынан эркекке окшош болгонуна, атасы айла жоктон өзүн сооротуп отурат. Ооба, жогорудагы, көз айнек тагынган, галстукчан адам Шон Ив.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.