Мифтердин бетин ачабыз: Араб Эмиратындагы сүйүү, үйлөнүү жана үй-бүлөө жөнүндө чындык

Араб шейхтеринин сансыз байлыгы жөнүндө баары эле уккан. Бирок, араб үчүн, эң чоң кенчи - үй-бүлөсү экенин билесиңерби?

Араб аялдары үйдүн куту болуп, эркектердин сый-урматына ээ. Канча баласы болсо ошончолук бактылуу болуп эсептелет.

БАЭде жөнөкөй үй-бүлөлөр кантип куралат, көз чаптырып көрөлү.

 

Таанышуу жөнүндө фактылар

Болочок келинге күйөө бала жакпай калса сунушун четке кага алат. Ошондо деле үй-бүлө куруу боюнча чечимди биринчи кезек күйөө баланын үй-бүлөсү чечет.

Араб аялдары европалыктарга турмушка чанда чыгат, себеби динсизге чыкса өлкөдөн кубаланат. Эркектер европалыктарга үйлөнө берет, себеби аларга пайдалуу. Бул учурда аял жарандык албайт, ажырашса балдары атасы менен калат.

Үйлөнүү жөнүндө фактылар

Нике келишими үйлөнүүнүн негизин түзөт. Келиндин ордуна эки тууганы келишимге кол коет. Келишим түзүлгөндөн кийин бир жыл ичинде үйлөнүү керек. Үйлөнгөнгө чейин күйөө бала келинге туугандарынын көзүнчө гана бара алат. Келинге күйөө бала тарабынан берилчү калың асман чапчыйт, ошондуктан кыз төрөгөн пайдалуу дешет.

Арабдардын үйлөнүү үлпөтү эбегейсиз оюн-зоок. Стол үстү түркүн тамак ашка толуп, улам жаңыланып турат. Күйөө бала тарап меймандостугун жана жетишкен жашоодо жашаганын ушундан көргөзөт. Спирт ичимдигин ислам өлкөсүндө ичпегендиктен, тойдогу эң күчтүү суусундук кофе. Ошондо да той жети күнгө чейин созулат.

Үй-бүлөлүк тартип жөнүндө фактылар

Араб аялдарынын дискриминациясы апыртма. Чындыгына келгенде, албетте, аялы күйөсүн угушу керек, бирок чечимдерди кабыл алууда ар дайым катышат.

Эмиратта күйөөсү бар аялдар түрмөдө жашагандай дегенге ишенүүнүн кереги жок. Араб сулуулары турмушка чыккандан кийин каалаганын кийишет, мини-юбка болобу, шым, шорты. Негизи арабдар мода кууп кийинишет. Магазинде кийим издеп көп сааттарды өткөрүшөт. Болгону көчөгө чыкканда башынан бутунун учуна чейин кара жамынып жүрүшү керек. Башкалар колунун учун жана көздөрүн гана көрө алат. Башка сулуулугу күйөөсүнө гана арналат!

Бүгүнкү күндө көчөдө кара жамынгандар сейрек кездешет. Араб аялдары көбүнчө джинсы, туника кийип калышты, болгону башында сөзсуз жоолук. Жоолугу жок дээрлик кезикпейт.

Эмират аялдары түзүк билим алышат. Алар үчүн дүйнөнүн баардык университеттери ачык, болгону алардын окумуштуулугу талап кылынбайт. Күйөөсү бар аял иштей албайт: же күйөөсү тыюу салат, же өзү иштегиси келбейт. Арийне, азыркы жаштар прогрессивдүү. Көбүнчө кыздар европада окуп, карьера түзүш үчүн ошол жакта калып калат.

Дагы бир белгилей кетчү факт: ислам өлкөсүнөн сырт жашаган үй-бүлөлөр, кылымдап түзүлгөн салттарды кармана беришпейт.

Ажырашуу жөнүндө фактылар

Илгертен, эгер күйөөсү аялына талак бере турган болсо, аялы эмне кийип турган болсо ошол боюнча үйдөн чыгып кетиши керек болгон. Ошондуктан аялдар азыр дагы күйөөсү берген, болгон алтын жасалгаларын тагынып жүрүшөт. Эркектер гүл ордуна алтын белек беришет. Канчалык салмагы оор болсо, ошончолук сүйүүсү күчтүү деп эсептелет. Бул боюнча "алтыны жок-жылаңач" деген макалы да бар.

Аялы эки гана учурда ажырашуу боюнча сунуш киргизе алат:

- Эгер күйөөсү көзүнө чөп салганы далилденсе. Бирок, бул үчүн чанда ажырашат, себеби көп аялдуулукка уруксат берилген. Көбүнчө күйөөсүнүн кылыгын аялдары жашырат, ызы-чуу салган аялды ушак ээрчип, аны экинчи эч ким күйөөгө албайт. Андан сырткары, ажырашканда балдары атасы менен калат.

- Эгер эркек аялын бага албай жатса. Аялын ресторанга алып барышы керек, алтын алып бериши керек, башка аялдарыныкынан кем эмес үй салып бериши керек. Мунун баарын сот так карап чыккандан кийин гана ажырашканга уруксат берет.

Көп аялдуулук жөнүндө фактылар

Ислам дини төрткө чейин аял алууга уруксат бергени менен, ар бир араб ала албайт. Мындай бир аялдуулук көп аялды бага албагандыктан. Бир нече аял, токолдору бар, бул шейхтердин жана байлардын артыкчылыгы.

Бай эмираттыктын аялы болуу жагымдуу эле - закон боюнча өзүнчө үйү, жетишээрлик багуусу, күйөөсүнүн көңүл буруусунда болот.

Ар бир аялына бирдей убакыт бөлүнгөн график түзүлөт. Жаңы аялына башкаларыныкынан кем эмес, ашык да эмес үй салынат, акчасы да тең жумшалат, баардыгы тынчтыкта жана ынтымакта жашашы керек. Эгерде бир нерсе туура эмес болсо, ал аялдарынын көйгөйү эмес, баарын убагында токтотуп калбаган күйөөсүнүн күнөөсү.

 

Салт жана тууганчылык болуп көрбөгөндөй күчкө ээ. Эгер аял жесир калса күйөөсүнүн бир тууганы аны багып, коргош үчүн ага үйлөнөт. Туура тарбия алган жана жүрүм туруму оң араб аялдары башкалар кыялданган тынчтык жана бакубат жашоодо жашайт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.