Менин жашоомду өзгөрткөн кеңеш

Өтө ысыкмын. Аял эмес эле Калашников автоматы, тил менен фаршка айлантып салам. Күткөндү билчү эмесмин. Чыдамым жок эле. Чыңалган абалда тынчтанганды билбейм, терең дем алып, эмне болуп жатканын ойлонбойм. "Дайыма" деген сөздөн от алам. Эмоция менен көп жылдык байланышты да үзүп салчумун. Телефондогу контактарды тазалап салчумун. Кереги жокторду блоктоп салчумун. Чемоданды чогултуп, артымды карабай каччумун. Бир да жолу артка кайрылган эмесмин.

 

 

Бир жолу баа жеткис, жашоомду өзгөрткөн кеңеш беришти.

"Сабырдын түбү сары алтын" – деди жашоомдогу маанилүү адамдардын бири. Күткөндү үйрөнүп баштадым. Болгон эрким менен эмоцияга алдырбай өзүмдү токтотуп, күткөнгө мажбурладым. Эмнени күткөнгө? Эч нерсени. Бир саат өтүшүн күтчүмүн. Эң ачуу, талкалачу сөздөрдү айтчу саат. Эмоция өтүшүн күтчүмүн, ачууга алдырбай жай сүйлөшкөнгө.

Ошол сааттын ичинде бурмалабай, ички дүйнөмдү кодулабай, таарынычтарды чукубай жөн эле бир сааттын өтүшүн күтчүмүн. Кино көрүп, китеп окуп, телефон менен сүйлөшүп.

Бир эле саат. Ошол бир саат чыдап койсок 100дөн 99 кырдаал такыр башкача көрүнөт. Эми ошол кырдаалдан канзаададай чыгыш керек.

Канзаададай – бул тынч, жылуу-жумшак жана бир жолуга.

Муну эмнеге айтып жатам? Эмоцияга алдырсак кийин өкүнүп калчу нерселерди жасайбыз. Жакындарыбызга, андан көп, өзүбүзгө жаман кылабыз!                       

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.