“Мен сени сүйөм” деген фразаны ар кайсы жылдыз белгилери кандай айтышат

Сүйүүгө баары муктаж. Бирок, бул керемет сезимге ар кайсы жылдыз белгилеринин өкүлдөрүнүн мамилеси ар башка болот. Келгиле көрөлү, сүйүүнү зодиак белгилеринин өкүлдөрү кандай түшүнүшөт жана кандай сөз менен жеткиришет.

 

 

Кой жылдызы

Койлор натурасында – мизантроптор. Алар адамдарды өтө жакшы көрүшпөйт, айланасындагылар кыжырлантып турат. Ошондуктан, анын сүйүү сөздөрү болжол менен мындай: “Сүйүктүүм, сен мени башкаларга караганда азыраак кыжырлантасың”.

Букачар жылдызы

Букачарлар – прагматиктер жана күндөлүк турмушка зарыл нерселерди дайым ойлонуп жүргөн адамдар. Алар үчүн негизгиси – өз жарын камсыздоо. Алардын фразасы: “Эй, бирдемке жеп алчы”.

Эгиздер жылдызы

Бул белгинин астындагылар өзгөрмө натуралар экени баарына белгилүү. Алар адам менен, өзүнө ыңгайлуу убакка чейин гана болот. Сүйүү фразасы: “Азырынча сени башка жигитке (кызга) алмаштырбайм”.

Бөйөн жылдызы

Бөйөндөр жашоону кандай сүйсө да – таарынчак жана кандайдыр бир деңгээлде жалгыз инсандар болушат. Алар дайым айланадагыларына өзүнүн көз карандысыздыгын далилдегенге аракеттенип турат. Сүйүүсүн мындай билдиришет: “Мага эч кимдин кереги жок. Бирок, эгер мени менен болгуң келсе, менин жанымда бол”.

Арстан жылдызы

Арстандар өздөрүн аябай сүйүшөт. Экинчи жарымына жанында чогуу болууга уруксат берет, жана аны коргоого алат. Сүйүү фразасы: “Макул, эми сен тууралуу бир аз сүйлөшөлү”.

Бийкеч жылдызы

Бийкечтер – өтө тандагычтар. Алар тыңсынган консерваторлор, үйүндө жана жашоосунда бардыгы ордунда болушун сүйүшөт. Сүйүктүү адамына болсо эркиндик берет: “Мейли. Кийимдериңди полго таштай бер”.

Таразалар жылдызы

Таразалар чыгарган чечимине дайым эле ынана бербейт. Өзүнүкү туура болгон күндө, шек санай берет. Эгер, анын өзүнүн ичинде болгон талашты чечип бере ала турган экинчи жарымын тапса, үх деп муну айтат: “Ох, албетте, сен мени ынандырдың”.

Чаян жылдызы

Чаяндын тиштээк жана урушчаак натурасы баарына белгилүү. Алар көздөгөн максатына дайым жетишет. Сүйгөнүн аябастан кичине кетирген катасы үчүн “жеп” салып, анан күндүн жарымын аны “сиңирүү” менен өткөрөт. Алардын сүйүү көрсөткүчү мындай: “Макул, сени өзүңдүн жаныңды кыйганга чейин алып барбай эле коёюн”.

Жаачы жылдызы

Жаачылар сүйүүсүнө башы-оту менен кирип кетет жана адамга жеке мейкиндик бербей тажатып жиберет. Ошол эле убакта, өзүнүн жеке мейкиндигин көзүнүн карегиндей сактоо менен бирге, башкалардан сыйды талап кылат: “Макул. Эми үнүңдү чыгарбай, тынч жанымда отур”.

Текечер жылдызы

Текечерлер, белгилүү болгондой, бардык нерседе аныкы туура. Кээде, бирөө бир нерсени андан да жакшы кылганын билсе, таң калат. Мамиледе авторитардуу болушат жана бардык чечимдерди өз мойнуна алат. Кеңешкенди жактырышпайт. Алардын сүйүү сөздөрү: “Бүгүндөн баштап менин үйүмдө жашайсың. Оокаттарыңды жеткирип койдум!

Суукуяр жылдызы

Суукуярдын таң калыштуу натурасы жана ички дүйнөсү өзүнө эле түшүнүктүү. Анын жанында болгусу келген адамдар күтүүсүздүккө даяр болушу керек: “Эмне телефонду албайтасың? Мен гүл кармап серенада ырдадым. Гүлдү мэриянын алдынан кыркып алгам, түнкү саат үчтө ырдабадымбы...”

Балыктар жылдызы

Балыктар – сезимтал жана өзүнө чөмүлгөн натуралар. Бир караганда аларга эч кимдин кереги жок. Бирок андай эмес. Алар алыстан сүйгөндү жактырышат жана адамга караганда сүйүү сезиминин өзүн жактырат: “Мен дайым сенин жаныңдамын. Оюмда болсо дагы”.

Бул гороскоптон өзүңүздү тааныдыңызбы?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.