Муну дөңгөч деп ойлоптурмун. Жакшылап карап, сүйлөө сезимимди жоготтум

Кытай искусствосу дайым өзгөчөлөнүп турат. Өзгөчө жыгач кесүү жагынан алдына эч кимди салбаса керек. Чжэн Чунхуи - өзүнүн ишинде эң таланттуу. Жакында эле өзүнүн таң каларлык иши менен Гиннесс рекорддор китебине кирди. Бул эң чоң инсталляциянын аты "Цинмин фестивалы убагында жээк бойлоо" деп аталат. Бул иш белгилүү кытай сүрөтчүсү Чжан Цзэдуандын сүрөтүнүн мотивинен жаралган. Узундугу 12 метр, бийиктиги 3 метр болот.

 

 

Бул жыгач скульптуранын ичинде бир айыл өзүнүн 550 тургуну менен жайгашкан. Бүт майда-чүйдөсүнө чейин эске алынган: балкондор, үйлөр, өсүмдүктөр, керек болсо суудагы толкундар.

Чжэна Чунхуинин иши Сун династиясы башкарып турган 17-кылымдагы окуяларды чагылдырат.

Бардыгы болуп скульптор бул ишке өзүнүн өмүрүнүн 4 жылын арнаган.

Жыгач полотнонун борбордук темасы өлгөндөрдү эскерген Цинмин улуттук фестивалы болуп эсептелет. Бул күнү шам күйүзүү менен бирге көрүстөндөргө гүл коюу традициясы бар. Ал жазгы күн-түн теңелген күндүн 15-күнү өтөт.

Мындай нерсени көрүп жатып мына накта искусство дейсин. Атагы чыккан коллекционерлердин Чжен Чунхуинин бул ишин акчалай баалашы оордукка турат деп ойлойм. Накта искусство - баа жеткис.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.