Мен – моделмин. Силерге Instagramдагы сүрөттөргө ишенүү – акылсыздык экенин көрсөтөм

Инстаграмда, суйкайган сулуу, фигуралуу кыздардын сүрөттөрү жайнайт. Бирок анын баарына эле ишене бериш керекпи? – деп, Bored Panda сайты суроо салат.

Сара Пухто – 20 жаштагы финляндиялык блоггер. Ал өзүнүн постторунда, ракурс менен фотошоп канчалык маанилүү экенин көрсөтүп келет. Кээде, эки сүрөттө бир эле кыз экенине ишенбей да кетесиң.

Саранын оюнда, айымдар өз денесин баалап жана сүйүп, кайсы бир сулуулуктун идеалдарынын артынан кубалабашын сунуштайт. Алдыда, анын сүрөттөрүнүн жыйындысы.

2 сүрөт тең интервалы бир нече секундда тартылган. Болгон айырма - позада
“Сутка бою эч бир кызда прес менен жалпак курсак болбойт, өзгөчө отурган абалда” – дейт Сара
“Сулуулук индустриясы, биздин билбестикти пайдаланып, дененин кайсы бир типтерин таңуулай берет, ошондуктан, өз денеңди жаман көрбө”
“Эгер бирөө сенин өлчөмүңөн кичирээк кийсе – ал сенден сулуураак дегендик эмес”
«Сулуулук – бул өзүңө ишенгендик жана өзүңдү эркин алып жүрүү»

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.