Мен бир жыл бою нике шакек тагынып жүргөнүмдү билбептирмин. Менин күйөөм – гений!

Австралиялык Терри, эки жыл бою сүйлөшүп жүргөн кызы, Аннага үйлөнүүгө убакыт келгенин түшүнгөндө, нике шакек издеп убара болгон жок.

Анна бир жылдан бери ал шакекти тагынып жүргөнүн өзү билбептир.

Качан баарын түшүнгөндө, Аннанын реакциясы чындыкка окшобогондой укмуштуу болду.

Терри ушул моментти видеого тартып, монтаждап, жакында эле Youtube порталына илди.

Таанышып алгыла: Терри менен Анна, австралиялык түгөйлөр. 2 жылдык романдан кийин баш кошушту
Сүйлөшкөнүнүн биринчи жылында Терри Аннага дакрадиум багынан жасалган мончок белек кылган
Анна мончокту күндө тагынып жүргөн. Анын ичинде эмне сыр катылып жатканын билген дагы эмес
Мончоктун ичинде сюрприз катылып жаткан – нике шакеги
 
Убакыт келгенде, Терри мончокту бычак менен ачып, Аннанын колун сураган
Аннанын биринчи реакциясы шок болгон: «Ушунча убакыт ичинде катылып жатты беле? Жоготуп ийсем эмне болмок, келесоо»
Терри Шотландиядагы Сму үңкүрүндө Аннанын колун сураган. Кызыктуусу, байыркы исландия тилинде «сму» деген «катылган» дегенди билдирет
Ушундай сырды катып жүрүүгө эмне деген гана эрк керек! Терри менен Аннага биздин куттуктоолор
 
Бул болсо Терри жасаган видео:

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.