Мен ага ажырашууну талап кылган кат жазгам. Анын жообу мени өкүнүүгө аргасыз кылды…

Жашоодо, түнөргөндөй жана капалуу көрүнгөн жашоодо, баары олуттуу же жадатма жашоодо кандайдыр бир кызыктуу окуя же анегдот уксаң, бир аз да болсо түрлөнө түшөт, деп жазат Newsner.

Билбейм, муну мурда окудуңуз беле, эгер жок болсо, күлгөнгө даяр болуңуз! Эгер мурда окуган болсоңуз, анда ал көз алдыңызда күлкүлүүлүгүн жоготпойт.

Анда кызыктуу окуяны камтыган бардык нерсе бар – драма, өч жана күтүүсүз финал.

Окуя ажырашууну талап кылган күйөөсүнүн катынан башталат. Бирок аялынын мыкты жообуна эч нерсе тең келбейт!

"Кымбаттуу аялым,

Менин сага жазып жатканымдын себеби, мен сенден кетип жатам. Мен 7 жыл аралыгында жакшы күйөө болдум. Бирок акыркы 2 жума тозокко айланып кетти.

Сенин боссуң чалып, жумуштан кетип калганыңды мага кабарлады. Бул акыркы тамчы болду.

Өткөн жумада сен үйгө келип, менин чачымдын кыркылганын да, сенин сүйүктүү тамагыңды жасап койгонумду да, ошондой эле жапжаңы “боксер” кийип турганымды да байкаган жоксуң. Сен баарын 2 мүнөттө жеп алып, “мурун агызган” кино көрүп алып анан уктаганы жатып алдың.

Сен мени сүйөм деп айтпай калдың; сага секстин кереги жок болуп калды же экөөбүздү байлаштырган эч нерсе калбады. Же сен мени алдап жүрөсүң, же сүйбөй калдың. Айырмасы жок! Кандай болгон күндө да мен кеттим.

Сенин мурунку күйөөң!

Айтмакчы, мени издебей эле кой. Мен сенин сиңдиң менен Батыш Виржинияга чогуу кетип жатам.

Бул жашоодо жакшы жашоону каалайм!”

Бул болсо аялынын жообу:

“Урматтуу менин мурунку күйөөм,

Сенин катың менин көңүлүмдү көтөрдү. Чын, биз 7 жыл чогуу жашадык, бирок сенин “жакшы күйөө” деп айтканың – катуу угулат.

Менин “мурун агызкан” кинолорду көп көрүшүмдүн себеби, сенин дайым даттанып отурганыңды уккум келбегендиктен болду. Бирок ал да кээде жардам берген жок.

Мен сенин чачыңдын кыркылганын байкагам, бирик, оюма биринчи келгени, бул: “Сенин кыздан айырмаң болбой калыптыр!” Менин апам, эгер эч нерсе айта албасаң, анда унчукпай койгон жакшы деп үйрөткөн.

Сен “менин сүйүктүү” тамагымды жасап жатканда, балким мени сиңдим менен алмаштырып алгандырсың, анткени мен чочконун этин жебей калганыма 7 жыл болду.

Жибек “боксер” дагы эсимде: мен сени карабай койгонумдун себеби, анын $49,99 деген баасы илинип турган. Мени таң калтырганы, так ошол күнү сиңдим менден 50 доллар карызга алганы, балким жөн эле дал келгендик.

Ошондой болсо да мен сени сүйүп тургам, жана сени оңолот деп ишенгем. Мен лотореядан 10 миллион доллар утуп алгандыктан жумушумду таштап, Ямайкага барып эс алып келүү үчүн экөөбүзгө 2 билет алып койгом.

Бирок үйгө келсем сен жок экенсиң. Жөн жерден эле бир нерсе боло бербесе керек деп ойлойм. Эми, сен эңсеген жашооңо жеттиң деген үмүттөмүн.

Айтмакчы, менин адвокатым, сенин жазган катың менден бир тыйын да ала албасыңа кепилдик берет деди. Ошондуктан, абайла.

Сенин мурунку, эркин жана укмуштуудай бай аялың!”

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.