Мегапопулярдуулукка жетишкен жаңы 7 тренд

Ар бир айда базарга жаңы ар түрдүү жаңы нерселер чыгып турат. Эмне үчүн кээлери бат атакка татыктуу болгондугу белгисиз, ал эми акыркы маалда төмөнкү жабдуулар эң атактуу болуп эсептелет.

 

 

1. Спиннер

Бул жабдуу 90-жылдары пайда болгону менен 2017-жылы атак даңкка ээ болду. Бул оюнчук ар кандай стресс абалдарына каршы жардам берип, мээни сергитип эс алдырат.

2. Майда кичинекей татуировкалар

Немец-ирандык тату-мастер Мо Ганжи татуажды бир сызык менен чийгендиги менен абдан атактуулукка жетти. Мындай сүрөттөр бүткүл дүйнө боюнча популярдуу болуп жатат.

3. Көгүчкөн туфлилер

Япон жашоочусу Кейко Оцухата көгүчкөндөрдү жана бийик такаларды жакшы көрөт. Ал ушул эки жакшы көргөн нерсесин бириктирип, көгүчкөн туфли ойлоп тапты. Ушундай түзүлгөн туфли Интернетте да дүң тарап, кызык талкууга ээ болду. Кейко өзү өз алдынча мындай туфлини кандай жасаарын да көрсөткөн.

4. Бактагы шаймандар түрүндөгү жарык берүүчү лампалар

Италиялык дизайнер Маттео Уголини айылдын жашоосуна шыктанып, ар түрдүү, шаймандар түрүндө жарык берүүчү лампаларды ойлоп чыгарды. Анын коллекциясында технополимерден жасалган айры, күрөк, тырмоок сыяктуу жарык берүүчү нерселери бар.

5. Дарбыз түрүндөгү нан

Тайвандын "Жими Баккери" атындагы нан чыгаргыч ишканасынын жумушчулары ойлоп табышкан. Эң негизгиси кошумча боектордун жоктугу, анын курамында көк чай, бүлдүркөн жана көмүр пайдаланылат. Мындай жасалган нан Интернет көрүүчүлөрдүн арасынан аябай сүймөнчүлүккө ээ болду.

6. Тунук шым

"Топшоп" аттуу маркадагы ичи көрүнө турган пластиктен шым ойлоп таап, дүйнөгө чыгарды. Компаниянын дизайнерлери да жеке эле шым эмес тизеден жана андан да кыска шортыларды ойлоп чыгарууну ойлонууда.

7. Күйүүчү чач боегучтар

Атактуу чач тарач жана стилист Гай Танг саркечтерге неондук карангыда күйө турган чач боегучту ойлоп тапты.  Чачтар бир аз агартылып анан неондук ачык түс менен боелот.  Оорлугу анан жаңылыгына карабай батыш саркечтер арасында аябай атактуу болду.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.