Мээңди жакшы иштеткиң келсе 7 ыкманы колдон

Азыркы жашоо ыргагы мурдагыга салыштырмалуу өтө жыш, алабарман. Дайыма бир нерсе жасаш керек, жетишиш керек деп жүгүрүп жүрөбүз жана болуп жаткан ар кандай өңүттөгү көп маалыматтарды, стрессти, ортодогу терс жана оң мамилелерди көтөрө билип, өзүңдүн ден соолугуңду да сактап, үй-бүлөңдү да камкордуктан кем кылбай багышың керек.

 

Жашоо ыргагынан артта калып калбаш үчүн, башыбыз сергек жана ой-толгообуз тунук, күчтүү болуш үчүн – мээбиздин жакшы иштөөсүн кантип сактап калуу керектигин сөзсүз билип алышыбыз керек. Заманбап окумуштуулар жана психологдор мээ иштөөсүн жакшыртуу үчүн бир нече ыкмаларды сунушташат. Бул ыкмаларды ырааттуу жана ирээттүү колдоно билгенде мээнин көптөгөн маалыматтарды кабылдоо, сиңирүү жөндөмү кадимкидей жакшырат.

1-ыкма. Күн сайын өзүңүз сүйгөн спорт менен 20-30 мүнөт машыгуу же дене көнүгүүлөрүн убагы менен жасап туруу мээңизге жакшы таасирин тийгизет. Мындан тышкары, мээ тезирээк жакшырсын десеңиз, жалкоолонбой күн сайын китептерди, гезиттерден пайдалуу, жагымдуу маалыматтарды окуп туруңуз. Окуу ыкмасы мээни кыймылга тез келтирет да, иштөөсү ылдамдай баштайт жана жакшы жагына күчтөнөт.

2-ыкма. Мээнин абалын сакташ үчүн телевизорду азыраак көргөнүңүз оң, себеби, андагы толгон-токой маалыматтар мээге ашыкча жүк артып, иштөөсүн начарлатат. Эгер телевизор сүйүүчүлөрдүн катарындагы адам болсоңуз, анда жаңылыктар бөлүмүнө, адамга агартуучулук берген көрсөтүүлөргө жана көп сааттык эмес көркөм  тасмаларга басым жасасаңыз болот.  Бирок, күндөп-түндөп тынбай кино көрсө адамдын мээсин мокотоорун эске алыңыз.

3-ыкма. Мээнин жакшы иштөөсү үчүн уйкуну кандырып уктап жүрүү зарыл. Суткасына 6-8 сааттан кем эмес уйкуда болуу мээнин нормалдуу иштешин камсыздайт. Эгер түнкүсүн уйкуңузду кандырганга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда күндүзү бир азга убакыт таап, мээни эс алдырыңыз.

4-ыкма. Мээ иштөөсүнүн жөндөмдүүлүгүн көтөрүү менен кошо бүтүндөй организмге темир керектелет. Муну албетте ар кандай азыктардан алабыз. Буга жашыл алма, жакшы бышкан ширелүү анар жана кадимки кара нан кирет. Кара нанды тамак-ашыңыздын катарына күнүгө кошуу керектигин унутпаңыз.

5-ыкма. Мээнин ойлонуусу чачырабай, бир багытты кармай билип чечкиндүү чечим жасай алышы үчүн жумуртканын сарысы жана уйдун боору менен азыктануу оң.

6-ыкма. Мээнин тамырларын тазалоого С витамини, жалпы кан жүгүртүүсүн тазалап жакшыртууга лимон, грейпфрут жана апельсин, маалыматты кабыл алууну жакшыртууга В витаминге бай жаңгак пайдалуу.

7-ыкма. Ойлонуунун, ой толгоонун жалпы жөндөмдүүлүгүн күчтөө, маалыматтарды жакшы кабыл алуу үчүн сизге кальций менен калий камтылган азыктарды, анын ичинде кургатылган өрүктү, помидорду жеп туруу зарыл. Ошондой эле, мээге кычкылтекти жеткирип туруу үчүн инжирди колдонуу керектигин, ал эми мээдеги кандын айлануусунун жакшыртуусуна болгар калемпири жана майда кызыл калемпирдин пайдасы бар экенин эске алыңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.