Майга чыланган бут тууралуу жаңы оптикалык табышмак көп талкуу жаратты

Көздөрүңүз сизди алдайт! Дагы бир виртуалдык талкуу бир эле сүрөттү ар кандай кабыл алгандардын арасында Интернетте пайда болду. Бул жолку табышмакта кыздын буту, бирөөлөргө буттарга май шыбалып, жалтырактай көрүнсө, башкаларына – тартылган ак сызыктардай көрүнөт...

 

 

Соцтармактарда сүрөт пайда болгону – бул кандай деген божомолдор башталды. Эмнеден адамдын буту мындай жалтырашы мүмкүн? Чын эле жалтырап турабы – же бул мираж менен оптикалык жалганбы?

Ошондой болсо да, жандырмагы көпкө күттүргөн жок… көрсө бул гримердун иши экен, ал болгону буттарга жалтырактай көрүнгөн бир нече ак штрихтерди тартып коюптур. Жыйынтыгында көптөгөн адам бул трюкка ишенип калышты – алардын көздөрү, буттарга май шыбалганын көрсөтүп, ага ишенгенге мажбур кылды. Иштин баары эмнеде экени айтылгандан кийин гана адамдар ак сызыктарды жана далил үчүн сүрөт туртуучу шаймандарга көңүл бурушту.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.