Матрацтардын уникалдуу 6 модели 1 макалада

Адамдын уктоо бөлмөсүнүн негизги атрибуту болуп керебет саналат. Бирок, уйкунун сапаты керебеттен эмес, анын матрацынан көз каранды.

Төмөндө, адамдын уктоо сапатын жакшыртуу үчүн ойлонуп табылган уникалдуу матрацтардын тизмегин чогулттук.

 

Бул областтагы эң эпотаждуу ойлоп табуу - "бектик матрацы", 2016-жылы Испанияда ойлонуп табылган. Матрацта орнотулган электрондук көзөмөлдөгүч жубайлардын телефонуна, матрац үстүндө кандай активдүүлүк болуп жатканынан кабар берип турат. Эң кызыгы - бул испаниялык ойлоп табуу дүйнөдө катуу суроо-талап жараткандыгында.

 

Уйкусуз түндөр кыйнап атса, дары-дармек ичип кереги жок. Болгону, ичине ар кандай эс алдыруучу чөптөр салынган матрац же жаздык алсаңыз жетиштүү. Адамдан чыккан жылуулуктун аркасы менен бул чөптөр иштеп баштайт, башкача айтканда өзүнүн жыттарын бөлүп чыгарып, адамдын жакшы укташына өбөлгө түзөт.

 

Бул матрац болсо, жатып алып китеп окуунун, радио угуунун сүйүүчүлөрүнө, же дайым жумушуна кечиккендерге арналган. Ага будильник, радио жана фанарик орнотулган.

 

Бул матрацтын жардамы менен өзүңүзгө ылайыктуу микроклиматты тандасаңыз болот. Матрацка өзгөчө ChiliPad чехолу кийгизилген жана пульттун жардамы менен төшөктү жылытып, же тескерисинче муздатып алып турса болот. Температура диапазону +7Сден +48Сге чейин.

 

Mehdi Mojtabvi компаниясы жубайлардын комфортун ойлонууда андан да ары кетти. Матрацтын өзгөчө формасынын аркасы менен, кучакташып жатууда кол уктап калат деп коркпой эле койсо болот.

 

Бул матрацты ыңгайлуу креслого айлантыш үчүн, болгону бир нече жөнөкөй кыймыл керектелет.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.