Март айына гороскоп. Сизди чоң бурулуштар күтүп турат!

Ар бир адам бир белгилүү жылдыздын алдында төрөлөт. Ар биринин мүнөзү, жүрүм туруму бири-бирине окшошпойт. Жана ар бир адамды алдыда ар түрдүү кызыктар күтүп турат. Март айы сүйүү жаатында кандай болот экенин жылдыздардан сурап билели.

Кой

Бойдоктор буга чейин анча көңүл бурбай келген адамдарына көңүлү түшүп ал менен мамиле курууну ойлоп башташат. Ал жакын досуңуз, кошуна же бирге иштеген адам болушу мүмкүн. Узак убакытка болгон сүйлөшүүлөр жаңы сезимдердин пайда болушуна түрткү болот. Мамилени баштаардын алдында көпкө ойлонуп чечим чыгарышыңыз мүмкүн. Коркпой кадам таштай бериңиз, интуицияңызга ишениңиз. Үй-бүлөлүүлөр бул айда өздөрүнүн түгөйлөрү жөнүндө буг ачейин билбеген жаңы көп нерселерди билишет. Күтүүсүз кабарларга даяр болууз.

Букачар

Букачарлар бул айда аларды жакшы түшүнгөн адамды жолуктурушат. Башында издеп жүрүп табылган адамындай сезилет, убакыттын өтүшү менен ал кадимки адамга айланып кемчиликтери көрүнө баштайт. Эми ар бир адамда кемчилик болот эмеспи, бактылуу болуш үчүн анча мынча нерсеге көз жума билиш керек.

Эгиздер

Эгиздерге бул айда табышмактуу, сырдуу, бир жагынан муздак, бир жагынан өзүно тартып турган, ар кырлуу адамга жолугасыз. Бирок ал адамды чыныгы өзүмдүн адамымды таптым деп айтууга чейин көп убакыт керектелет.

Бөйөн

Бойдок бөйөндөр мартта чыныгы сүйүүгө жолугушат. Жолуккандан баштап чыныгы мамиле курууга чейин бир топ убакыт талап кылынат. Бирок күтүүңүздүн арты жакшы болот. Ал адам сиздин идеалыңыз боло алат.

 
Арстан

Арстандар көптөн бери тааныган, жакшы билген адамы менен мамиле курууну ойлонушат. Же мурдагы ишке ашпай калган сүйүүнү кайра жаңылагылары келет. Бирок жакындашуу үчүн бир топ убакыт керектелет.

Бийкеч

Бул айда бийкечтерге чыныгы сүйүүнү табуу кыйынга турат. Сүйүүдөн жол болбой калбасын десеңиз бул айда эч кандай мамиле курбай эле койгон оң болот.

 
Тараза

Таразалар мурда жактырып, жете албай жүргөн адамына ушул айда жетип бактылуу болушат. Бирок бул оңой жол менен болбойт. Ал үчүн сиз өзүңүздү жакшы жакка өзгөртүп, көп нерсени үйрөнүүгө туура келет.

Чаян

Сиз бир көрүп сүйүп калууга бул айда ишенесиз. Кокусунан бир адамга жолугуп калып, аны менен болгон мамиле абдан жакындашат. Ал сизди өзүнүн акылы жана келбети менен акылыңыздан адаштырат.

 
Текечер

Бул айда сиз кам көрө турган адам табылат. Сүйүү же достук экенин өзүңүз көпкө түшүнө албай убара болосуз. Сиз ал адамга өз балаңыздай кам көрүп багууга аласыз.

Балык

Сизди көз карашыңыздан түшүнгөн адамды жолуктурасыз. Бул чыныг сүйүүдөй болуп сезилет. Чогуу өткөргөн убакыттар баары жакшылык менен гана аяктайт. Бирок бат ысыган суу бат муздаган сыяктуу бири-бириңерден кызыгыңар бат тарап кетет. Ушундай нерселерге даяр болуңуз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз