Мамиле үчүн кайсы нерселерди курмандыкка чалбаш керек

Мамиленин баарында эле кандайдыр бир курмандыкка жана компромиске барыш керек болот, сирок сенин инсандыгыңды түзгөн нерселерге чыккынчылык кылып кереги жок. Мамиле келет жана кетет, ал эми сен өзүңдө каласың. Ошондуктан бул нерселерди курмандыкка чалба:

 

 

1. Үй бүлөңдү

Сага жаккан адамга сенин үй-бүлөң жакпашы мүмкүн – мындай көп кездешет. Эгер ал сенин туугандарыңды сыйлап, алар менен мамилесин түздөгөнгө аракет кылса, анда ал андай деле коркунучтуу эмес. Алар сенин эң кымбат адамдарың, аларды жашооңдон жөн эле чийип сала албайсың.

2. Досторуңду

Булар туугандарыңдан кем калышпайт. Досторуң дайым жаныңда болгон жана, эч нерсеге карабай боло берет. Сенин жашооңдо алар кандай ролду ойноорун түшүнбөгөн адамдын айынан алардан айрыла аласыңбы? Бири-бириңе жана жашоо образдарыңа көнүш үчүн күч талап кылынат

3. Ишенимиңди

Сенин диниң жана ишенимиң – сенин баалуулуктарыңды, жашоо образыңды түзгөн тереңдиктеги курам. Эгер кандайдыр секталарга эле азгырылып кетпесең, сенин сүйүктүүң ишенимиңе тоскоол болбош керек. Сени түшүнбөгөн жана тандооңду сыйлабаган адам үчүн ишенимиңен баш тартпа.

4. Жашоодогу баалуулуктарыңды

Бул сүйүү деген түшүнүккө каршы келет. Эгер тандаган адамыңды сенин баалулуктарың, көз караштарың жана ынанымың канааттандырбаса, демек, ал сенин сырткы келбетиңди гана жактырат. Чыныгы сүйүү жалпы баалуулуктарга же сыйга жана көз караштарына суктанууга негизделет

5. Сенин кыялдарыңды

Ар кимдин кыялы бар жана андан баш тартуу туура эмес. Алар сени шыктандырат жана мотивациялайт. Өнөгүн аны баркташы керек жана максатка жетүүгө өз салымын дагы кошуш керек. Эгер мамиле үчүн кыялыңды курмандыкка чалсаң, эртеби-кечпи, өкүнөсүң. Миллиондогон тажрыйбалар менен текшерилген.

 
6. Талантыңды жана хоббиңди

Табият эмне тартууласа, же өзүң бир нерсе үйрөнсөң, аны дайым колдонуп жүр. Сенин талантың менен кызыгууң – сени бактылуу адам кылат, канааттандырат, өзүнө ишеним берет жана чоң психологиялык ролду ойнойт.

7. Сырткы келбетиңди

Кандай болсоң, ошол бойдон кал! Бир нерсе өзгөртүш керек деген бирөөнүн сөзүнө кирбе. Эгер өнөгүң аны талап кылса, анда анын сүйүүсү чыныгы эмес. Баары бир баалабоочу бирөө үчүн өзүңдү өзгөртпө.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.