Кыргыз эстрадасында көптөгөн ырчыларыбы лакап аты менен эл алдына чыгып, таанымал болгонго жетишишти. Арасында эски муундун өкүлдөрү да жок эмес.
Деги лакап ат деген эмне?
Лакап ат (псевдоним)(грек тилинен – калп ат) – төрөлгөндө коюлган аттан өзгөчөлөнүп, ойлонуп табылган ат, көбүнчө коомдук иштерде, искусстводо, адабиятта ж.б. эмгектенген адамдар колдонушат.
Эгер адам популярдуу болуп кетсе, анын лакап аты өз атын сүрүп чыгарат.
Дүйнөлүк шоу-бизнесте лакап ат менен чыккан чыгаандар ондоп саналат, мисалы, популярдуу рэппер Еминемдин өз аты - Маршалл Брюс Мэтерс III, Николас Кейдждин чыныгы аты – Николас Ким Коппола экен. Ал эми орусиялык ырчы Наташа Королеванын өз аты Наталья Порывай.
Төмөндө лакап ат менен аты чыккан кыргыз жылдыздарынын тизмесин жарыяладык.
Сүрөттөр интернетте ачык булактардан алынды.