Кызыңа кантип туура тарбия бересиң? Психологдон кеп-кеңеш

Кыз балага татыктуу тарбия берүү абдан маанилүү, анткени кыз бирөөнүн бүлөсү, келечектеги эне, бир үйдүн куту. Төмөндөгү кеп-кеңештер кичинекей кыздарды өстүрүп жаткан үй бүлөлөргө тиешелүү.

 

 

Кызга караганда эркек балану тарбиялоо кыйла кыйын дешет, балдар тентек, а кыздар ата-эненин тилин бат алышат имиш. Бирок, бул туура эмес, кызбы, балабы анын кулк мүнөзүнө жана тарбиясына жараша турмуш жолу башталат.

Келечектеги келин, жар, эне боло турган кыздар ак пейил, ийкемдүү, назик болуп жакшы тарбия алышы зарыл.

Кыздарды кантип туура тарбиялай алабыз?

Интернетте мындай мкал пайда болду, уул баланы жакшы тарбиялаганың –чыныгы эркекти өстүргөнүң, кыз балага туура тарбия берүү – бир улутту тарбиялаганың. Бул туура сөз, себеби кыз бала аркылуу келечек муунга тарбия бере аласың. Кыз – бул тукум улоочу, келечек муундун энеси, бала – коргоочу, таянычың. Учурда кыздарыбыз эмнеге үйрөнүп жатат. Теле, гезит-журналдардан кантип туура боёнгонду, кийингенди, кыскасы ал өзүн ханышадай сезиш керектигин баары кайталап жатышат. Көчөдөгү кыздарды көрсөң алардын да тарбиясы баскан турганы ой жүгүртүүсү да башкача.

 

Кыз баланы эң биринчиден эмгекке бышыруу керек. Заманга жараша кыздарыбыз тамак даярдаганды, үй жыйнаганды билип, кандайдыр бир кызыктуу иш менен мисалы тор токуу, кийим тигүүгө кызыгышы керек.

Кыз бала айлана-чөйрөгө кызыгып, сүйлөшө билүүсү керек. Тарбия мына ушундан башталат. Кызга эмне жакшы, эмне жаман экенин жакшылап кулагына куюп түшүндүрүү абзел.

Чоң адамдар дагы иш жасаганда катачылыктарды кетирет, ошондуктан кызды өз алдынча коюп, бир нерсени жасашына мүмкүндүк бериңиз. Эч убакта “Сенин колуңдан келбейт. Колуңдан келбес ишке аралашпа” дебей, “Мындай кылба, мына минтип жаса” деп үйрөтүү керек.

 
Баланын саламаттыгы жана өсүп жетилүүсү

Көп энелер кыздарды аяп, аларды жылуу-жумшак тарбиялашат, акылдуу энелер кыз баланы бышык кылып, турмушка даярдайт. Жеңил кийинтип, көп кыймылдатып, ысык-муздак сууга жуунтуш керек. Жылуу жерден көп чыкпаган кыздар көп оорушат.

Чыйрак, келбеттүү кыздар жашоодо көп ийгиликке жетишип, жакшы үй бүлө курууга жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Андыктан кыздар сөзсүз түрдө спорт менен машыгуулары керек. Мисалы лыжа, муз бийи, гимнастика, ролик, велосипед тебүү, теннис жана чуркоо. Кыз баланын күчтүү эмес, ийкемдүү жана сымбаттуу болгону түзүк. Бассейнге барганы эң жакшы, бирок сүзүү секциясы кыздар үчүн эмес, сууда сүзүүчүлөрдүн далысы, каруулары жана колдору жооноюп кетет. Көркөм гимнастика абдан сонун, йога, теннис жана фитнеске катышуу жана бийлөө мыкты вариант. Алгач элдик бийлерди бийлеп баштаган кыздар акырындап классикалык бийлерди бийлей башташат.

 
Сулуулук жана тыкандык

Сиздин кызыңыз сулуу! Бул тууралуу ага дайыма айтып туруңуз. Сулуулукту күтө билүү зарыл. Пайдалуу адаттарды эртең менен башташ керек:

  1. Төщөгүн ирээтеп, жыйнагынды үйрөтүңүз.
  2. Жуунуп, тишин тазалап, чачын тарап өрүп же байласын.
  3. Түнкү кийимин чечип, кийнишик ерек. Түнкү пижама менен эч убакта эртең мененки тамакка олтурбасын. Бул жаман адат.
  4. 12 жашка чейин эч кандай косметика колдонбосун. Андан көрө музыка, кол иши, сүрөт тартуу менен алектенсин. 12 жаштан өткөндөн кийин акырындап косметика колдонуу искусствосун үйрөнө баштаса болот.
  5. Косметика – бул жапжаш, назик тери үчүн шыбалган нерсе эмес, косметика табият тартулаган сулуулукту баса белгилеш үчүн колдонулуучу каражат. Болоор болбос сүртүлгөн көз боёгу, эндик, назик жылтыраган ооз боёгуч, каш жана кирпик боёгучтарды абдан дыкат жана аз колдонуу зарыл. Күн сайын эмес, майрамдарда гана.

    Кийим тандаганда фасонуна жана өңүнө карап, жарашканын тандап алыңыз. Жарашыктуу кийимдер, дасторкондо олтуруу адеби, театрда жана коомдук транспортто жүрүү эрежелерин кызыңызга күн сайын тажабай үйрөтө бериңиз.

 
Кыздар чоңоё берет

Кыздар үчүн өткөөл курак абдан кооптуу учур. Кыздардын чоң адамдардын турмушуна аралашуу кызыкчылыгы башталат. Гламур, кинодогудай кооз жашоо, жылтылдаган журналдардагы сулуулар жана айымдар үчүн сайттар кыздардын кызыкчылдыгын ого бетер күчөтөт. Журнал бетиндеги сулуу айымдарга окшошкусу келип кыздар боёно башташат. Кыздарга тыюу салбай, аларга чындык эмне экенин, чыныгы жашоо менен шоу бизнестеги айырманы түшүндүрүп бериңиз.

Орустардын “Каргыш тийген бейиш” («Проклятый рай») сериалын кызыңыз менен чогуу көрүңүз. Тасмада кыздардын бай күйөөлөрдүн артынан кууп, жеңил жана кооз жашоого умтулуусу, кино каармандарынын бул үчүн тарткан азап-тозоктору тууралуу тартылган тасмада бай, жеңил жашоонун артында толгон убаракерчилик, машакат болоору, адам жашоодо таман акы маңдай тери менен гана ийгиликке жетээри тууралуу тартылган бул тасма кыздарга жакшы сабак болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.