Кыздын арбагы көрүнгөндө...

2010-жыл болуп жаңы жылды студенттер болуп бир жерден тосмой болдук. Ал жылы кыш жылуу болуп, декабрь, январь айлары да жамгыр жаап турган күндөр болду. 4 комнат квартирага толтура студент болуп майрамдадык. Баары мас, арак ичпегендердин арасында мен бар болчумун. Таңга маал баарыбыз уктап калыптырбыз, мени бирөө тиктеп тургандай болду, көзүмдү ачсам бир кыз карап турат.

 

 

 

 

Бир нерсе айтат го десем унчукпай нары жылып кетти, басканы билинбейт. Артыман кел дегендей айттыбы же кулагыма угулдубу, ушундай сезим болду. Артынан бара бердим, ал унчукпай жылып мени 9-кабаттын чатырына чыгарды. Таң жаңы агарып келатыптыр, 1-январь, жылуу аба бетиме урду. Кыштын күнү ушундай жылуу болобу деп таң калдым.

Кыз жылып барып тамдын кырынан ылдый түшүп кетти, мен коркуп кетип артынан барып ылдый жакты карадым, эч ким жок. Жакшылап карасам жанагы кыздай кийинген бирөө таштандынын арасында жаткансыйт. Чуркап барып балдарды ойготсом эч ким тураар эмес, өзүм чуркап бардым, бирок кыздын жанына бара албай турдум коркуп. Айланада жан адам жок.

 

Тез жардамга чалдым, жарым саатта келишти, артынан милиция келди текшеришсе кыздын жаны бар экен! Кайсы кабаттан кулаганы белгисиз. Бирөө түрткөнү же өзү кулаганы да белгисиз. Кийин уксам ал кыз жакшы болуп кетиптир, мен ошондо туруп тез жардам чакырбаганда ал кыз өлүп калат беле ким билет. Ошондо анын арбагы жардам сурап келгенине таң калам ушул күнгө чейин..

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.