Кыздарым атасыз өсүштү. Неберелерим да атасыз чоңоюп жатышат

Редакциябызга оор турмушун айтып, жардам сурап кайрылгандардын саны арбын. Бул ирет жыйырма жылдан ашык убакыттан бери оору менен алышып келе жаткан Үмүткан эженин баянына орун бермекчибиз.

– Өзүм Кемин районунан болом, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна турмушка чыккам, 1996-жылы ажырашып,  ошондон бери эле эки кызым менен батирден батир алмаштырып борбор калаада жашап келебиз. Жокчулуктун айынан кыздарымды окута албадым. Улуу кызым Нарын тарапка турмушка чыгып, аз убакыт гана жашагандан кийин кош бойлуу болуп баласы төрөлө электе эле ажырашып кетишти. Баласын өзүмө каттатып алгам, атасынан кабар жок, өз энеси да дайынын таппай жүрөт. Азыр Ош тарапка турмушка чыгып бир жарым жылдан бери кабар жок.

Кичүү кызым да турмуштан жолу болбой эки кызы менен ажырашып кетти, ортодо балдарын мага таштап Турцияга да барып иштеп келди. Мен үч бала менен төшөктөн тура албай калганда ал жактагы жумушун жыйыштырып коюп мени караганга келди.

Диагноз ремотоидный артрит, Оору менен алышып келе жатканыма жыйырма жылдын жүзү болду, 5 жылдан бери такыр баса да албай калдым. Жакында онкология бөлүмүндө эки жеримен операция болдум, табарсыктан жана трубадан беш кг киста алдырдым. Азыр мочеприемник менен журом, жакшы боло албай жатам.

Жетишпеген жашоодо, өзүбүздүн үй жок, батирде жашап келебиз.

Мен өз алдымча эч нерсе кыла албай, ыйлагандан башка аргам жок. 3 неберем: улуу кызымдын өзүмө каттатып алган улуу 11, экинчи кызымдын кыздары улуусу 11 жашта болсо, кичүүсү 8 жаш. Башка балдардай болуп каалаган кийимдерин кийип, каалаган оюнчугун ойной алышпайт. Кызым мени жана балдарды карап, иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Кээде наныбыз да жок калган учур болду. Кошуналарыбыз жакшы, каралашып жардам берип турушат.

 

 

Жашап жаткан 1 бөлмөлүү батир үчүн айына 8 миң сом төлөйбүз, мен 5800 сом пособие алам, өкмөттөн башка жардам жок. Кызым ар кандай жумуштарга чыгып квартира, үйлөрдү жыйнап акча табат, ал да батир акысы менен тамак ашыбыздан ашпайт.

Мен ичкен дары дармек да кымбат. ПОСТОЯННЫЙ жумушта бизди таштап иштей албайт.

 

Жакын каралашар адамыбыз да жок. Жолдошум неберелерине деп айылдан бир аз азык түлүк, картошка жиберип турчу эле, ал да оорудан каза болуп калды, бир туугандарым да жок. Каза болушту,  бир сиңдим экөөбүз калдык, ал да онкология менен ооруйт. Ата-энем мурда эле кайтыш болгон.

Бул менин маңдайыма жазылган тагдырым деп билем. Тагдырдын катаалдыгына эч ким күнөөлүү эмес, мен дагы күнөөлү эмесмин.

Ушул убакытка чейин көп жакшы адамдар жолукту. Жардам берип, бизди ачка калтырбай жаткан элге ыраазымын.

Неберелерим бир аз чоңойуп калса кызым иштеп баштайт эле. Бул убактылуу кыйынчылыктан чыгууга жардам сурайм!

Үмүткан эже менен 0708 735 588 жеке номери аркылуу байланышсаңыздар болот.

Бул эженин өтүнүчүн башкалар менен бөлүшүп койсоңуздар, ал да жакшы жардам болоор эле.