Кыздар жөнүндө кызыктуу 15 факт… же эркектерге кеңештер

Аял менен эркек физиологиялык жактан эле эмес, психологиялык жактан да айырмаланат. Экөө эки башка ой жүгүртөт, эки башка кабылдайт.

Бүгүн аялдардын ички дүйнөсүн изилдеп, алардын кайсы аракеттери эркектерди кооптонуга чакыраарын карап көрөлү.

Анда төмөнкү макалага көз жүгүртөлү.

 

1. Аялзатынын туюп билүү сезими бар. Алар чынында, сенин, «мурунку дос кызың кандай жүрөт» деген суроого жооп берердин алдында эмне себептен мукактанганыңды дагы сезишет.

2. Ар бир кыз: анын мурунку жигити кайра кайтып келет деп үмүттөнөт жана ошол күндү аябай күтүшөт.

3. Кыздар сөзүн «Сен чынында аябай жакшы жигитсиң…» - деп баштаса, ишенип кой, башка кыз издей берүүң керек)))

4. Эгер ал сен жакшы көргөн футболчуга кызыгып жатса – бул жөн эле спортко болгон кызыгуу эмес. Чындыгында ал сага жакын болгусу келгени.

5. Башында ал сенин досторуңа жа коллегаларыңа жакшы көрүнгөнгө аракет кылат, кийин аларды сага «Жакшы кыз экен, ушуну ал» деп айттырыш үчүн.

6. Биринчи жолугушууда акчаңдын жоктугун же сакалыңдын алынбаганын кечириши мүмкүн, бирок зеригүүнү же фантазияңдын жоктугун кечиришпейт.

 

7. Кыздар эсте калган даталарды баалашат. Аябай эсте калгандарды, албетте сен унутуп калгандарды.

8. Алар футболду, компьютерди, сенин досторуңду жаман көрүшпөйт, алар сенин убактыңдын баарын ага бөлбөгөнүңдү жаман көрүшөт.

9. Баардык жасангандары, кийингендеринин баары жалаң эркектер үчүн.

 

10. Эгер ал чын эле сени жакшы көрсө, мейли 1 гүлбү, мейли оюнчук мамалак белек кылсаң дагы ага баары бир.

11. Кыздар дайыма чоогу жүргөндү жактырышат, мейли дааратканагабы, мейли дүкөнгө болсун чоогу барышат. Ушул себептен анын курбусу менен тил табышып алганың жакшы, апасы менен тил табышсаң андан жакшы, ал сага сүйгөнүң жөнүндө көптөгөн фактыларды айтып берет.

12. Алар ааламды бизден башкача көрүшөт жана бизди аларга жакшы баш ийет деп эсептешет, бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө бизди аяп, бизди алардан акылдуу, кыйын экенибизди көрсөтүш үчүн бир нерселерди таап чыгышат, анткени алар алсыз айымдар да…)))

 

13. Бардык маалыматтарыңды байкап жүр, антпесе сага 15 жылдан бери жаккан топ, футбол жана дал сен жакшы көргөн команда ага дагы жагып калышы ыктымал. Анда жыйынтык чыгарыш оңой – же жакында 8-март, же сен ага ушунчалык керексиң жана баары бир аныкы болосуң.

14. Эгер сен бир жолу ката кетирип алсаң, өтө көпкө чейин кадырыңды топтоп ишеничке киришиң керек. Анан бир айдан кийин байкоосуздан бир кыздын чалганын көрүп калса, айрылыштыңар дей бер…

15. Аларга көңүл бөлүү жагат, эгер сен ага кичине эле жаксаң, ал бир күнү макулдугун билдирет. Ал баары бир мени жактырбайт деп ойлобо.

 

Баардык маалыматтын баары менин жашоомдогу тажрыйбамдан алынган. Эгер кээ бирлери туура келбесе, анда жакшы, айымдар – табышмак болгону жакшы да, чынбы?

Кыздар биз силерди жакшы көрөбүз, бизге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бергиле жана кандай болсоңор ошол бойдон кала бергиле)))

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.