Кыздар билип алгыла!!! Жигиттерге жакпаган 5 нерсе...

Сиз сулуу, акылдуу, татынакай дегиңкиси төрт тарабы төп келишкен айымсыз. Бирок, эмнегедир кыялыңыздагы жигитке жолуга албайсыз, жолуксаңыз дагы ал жигиттер бат эле сиздин горизонттон көрүнбөй калышат. Эмнеге? Мына ушуга себепкер болгон 5 жагдайды аныктадык. Анда кулак салыңыз.

 

 

Өтө сулуу...

Сулууларга суктанган жигиттердин түрү бар. Алар үчүн биринчи орунда аялзатынын сулуулугу турат. Андайлар сиздин сулуулугуңуз менен мактанып, сизди асыл баалуу жасалга катары тутат. Эгер ал сизди макияжсыз, жасанбаган түрүңүздү көрсө айнып эртерээк кол үзгөндү ойлошот. Чындап ашык болгон жигит сырткы сулуулукка эмес ички дүйнөңүзгө кызыгат. Андыктан сырткы келбетке кызыккаандардан алыс болуш керек.

Жигиттердин  дагы бир түрү бар. Сулуулардан жаа бою качышат, ишенишпейт. Сулууларды туруксуз, акылсыз,  жигити көп неме дегендей жалган ойлорго арбалып, сыртынан тон бычып, жалаа жаба беришет. Мындай жигиттер эч качан сулуу кыздарга үйлөнүшпөйт. Аларга бекем, үй бүлөгө  чеп боло турган чыйрак келинчектер керек. Ал эми сулуулар менен бактылуу боло албайсың деп эсептешет.

 

 

Өтө сексуалдуу...

 Сексуалдуу кийинген  айымдарды албетте жигиттер айланчыктайт. Бирок алар бир түн менен гана чектелет. Андыктан ачык,  денеге чапталышкан кийимдерди  кийип өзүңүздүн турпатыңызды жана денеңиздин сулуулугун  көрсөтө бербеңиз.

 

 

Мерез

Мерез, муздак сулууларга дагы жигиттер жолошпойт. Себеби,  алардын менменсинген мүнөзү жигитти басынтып, жакындагандан коркушат. Медалдын эки бети бар дегендей  сулуулуктун да жакшы жаман жагы бар. Сулууларды көргөндө жигиттер жүрөксүйт, сүрдөнөт. Ошентип сулуу бийкечтер мүнөзү жөнөкөй болгону менен камкор, жакшы жигиттерден кур калышат. Сулууларды көбүнчө жинди чалыш, өжөр жигиттер тегеректеп алышат. Андыктан мындай кырдаалда кар ханышасындай муздак боло бербей, өзүңүзгө жаккан жигит көрүнсө жайдары болуңуз. 

 

 

Түнт

Бир жолу катуу көңүлү калып ошол бойдон башка жигиттерди көргөндө  кабыгына бекинип калган ташбакадай  болуп калган кыздар да кездешет. Беш кол бирдей эмес дегендей жигиттердин баары эле акмак эмес, андыктан түнт болуунун деле кереги жок.

 

 

Жагынам дебеңиз

“Канчалык сулуу болсом ошончолук жигиттерге жагам” деген кыздар катуу жаңылышат. Жөнөкөй болуңуз. Шартка жараша кийиниңиз. Жигиттерди сулуулар эле кызыктырбайт, көпчүлүк мыкты жигиттер акылдуу, ар тараптан өнүккөн билимдүү кыздарга кызыгышат.

 

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.