Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат? Эмне үчүн аялыңыз ажаан, кабанаак болуп калганынын 15 себеби

Ар бир эркек билүүсү керек.

Аялыңыз ар дайым чыңалып жүргөнүн байкадыңызбы? Себебин башкалардын жардамын күтпөй өз алдыңызча билгенге аракет кылып көрүңүз. Тынчсызданганынын негизги себептерин билип, стрессин жеңилдетсеңиз болот.

Бул абалда жалгыз эле сиз эмессиз. Адистер мамиледе чыңалуу жараткан 15 себебин аныктап чыгышты.

 

1. Бири бириңер менен сүйлөшпөйсүңөр

Албетте, ар дайым сүйлөшүп турасыңар. Бирок, жагымдуу сүйлөшүү акыркы жолу качан болду эле?

Эгерде болгон сүйлөшкөнүңөр эртеңки күндүн милдеттери жана күнүңүз кандай оор өткөндүгү жөнүндө болсо, анда аялыңызды стресс абалына түртүп жатасыз.

Бир аз убакыт чогу өткөрүп, абстракттуу темада сүйлөшүңүз.

2. Сиз өзгөрбөй келесиз

Жок дегенде ал каалагандай.

Үйдөгү милдеттерди канча жолу талкууладыңар? Канча жолу милдеттемеңезди өз алдынча мыкты аткардыңыз?

Аялыңыздын жинденгени таң калычтуу эмес, берген сөзүңүздү аткаруу үчүн эч кандай аракет кылган жериңиз жок.

3. Туура суроо бербейсиз

Албетте түгөйлөр сүйлөшөт, бирок, сүйлөшүү белгилүү бир үй тиричилиги жөнүндө болот. Мээсинде эмне болуп жатканын билгиңиз келет, бирок билгенге аракет кылбайсыз.

Эгерде ал эмнени ойлоп, өзүн кандай сезип жатканын билбесеңиз кантип мыкты күйөө болосуз?

4. Романтика жокко эсе

Бири бириңерди сүйгөн кезде бири бириңе кызыксыңар. Бирок жылдардын өтүшү менен бири бириңе болгон кызыгууну сактап калыш үчүн аракет кылыш керек.

Өзгөчө даталар, майрамдар, күтүүсүз көз ирмемдер эч качан карыбайт.

 
5. Тамакты үйдө жалгыз ал жасайт

Ар бир үй бүлө күнүнө үч жолу тамактанат. Эки колду чөнтөкө салып отурсаңыз, ал эми бирөө сиз үчүн күнү менен тамак жасап, дасторкон жайып белендеп бергени кандай сонун.

Сизди эч ким мыкты ашпозчу болушуңузду мажбурлабайт. Бирок аялыңызды күнүмдүк түйшүктөн кичине эс алдырып, жөнөкөй нерселерден жасап берсеңиз болот го.

6. Сиз жыйнабайсыз

Мунун эч кандай оорчулугу деле жок. Жыйнактуу көрүнүш үчүн чачылып жаткан нерселерди өз ордуларына коюп, кир идиш аякты чогултуп койгонго эмнеге болбосун?

Үй тазалоо да чоң мааниге ээ, бирөөңөр чаң сордуруп жатсаңар, экинчиңер пол жуусаңар болот.

Эгерде эч нерсе кылбай жатсаңыз, бул дагы бир стресске алып келет.

 
7. Ал өзүн жалгыз ата-энедей сезет

Сиздин балдардын эки ата-энеси бар, ошондуктан милдеттерди да экиге бөлгөн туура.

Эгер балдарды багып-кароо жалгыз аялыңыздын моюнуна жүктөлсө, бул нааразычылык жана стресске алып келет.

8. Ал камкордук сезбейт

Акыркы жолу качан аялыңыздан кайсыл кинону көргүсү келгенин, же кайда баргысы келгенин сурадыңыз эле? Ар ким сүйүүгө жана камкордукка муктаж, ал эми аялыңыз аны албай баштаган.

Аны бааларыңызды көрсөткөнгө аракет кылыңыз.

 
9. Ага убакыт керек

Бир сутка ичинде пландалган нерсенин баарын кылганга кээде убакыт жетпей калганын ар бирибиз билебиз.

Сиз ага жардам берсеңиз болот: жасап баштаган нерсесин бүтүргөнгө жардам бериңиз. Өз жумуштарыңызды жылдыра туруп, ал кылчу бир нерсени кылыңыз. Сөзсүз сизге ыраазы болот.

10. Мейкиндик керек

Кээде бөлмөдө бекинип алып жалгыз калуу кандай маанилүү экенин баары билет. Эгерде балдарыңар бар болсо, ызы-чуу чарчатып жиберет, кээде жөн эле эс алуу керек.

Аялыңызга кичине болсо да бош убакыт жана мейкиндик болгонго шарт түзүп бериңиз.

Аялыңыз сууга түшүп же китеп окушу үчүн  балдарыңызды алып, сейилдеп келиңиз.

 
11. Артыкчылыкты туура эмес коесуз

Көпчүлүк эркектер үйгө түнөш үчүн эле келет. Сиз да ошондой кылсаңыз аялыңыз сезет.

Эгер жумушуңузга толук берилсеңиз, үйдөгү мамиле бузулат. Үй бүлөңүздүн жыргалчылыгы үчүн жетишээрлик кылып жатасызбы, ойлонуп көрүңүз.

12. Аргументтериңиз үстөмдүк кылат

Пикир келишпестик болот, бул факт. Талаш-тартыш болсо аялыңызды угасызбы? Же өз аргументтериңиз менен чыгасызбы?

Эгерде көйгөйдү чече албасаңар бул нааразычылыкка жана стресске гана алып келет.

13. Ал баары үчүн жооптуу

Сиздин үй бүлөнүн милдеттери, чыгымдары, көйгөйлөрү жана башкалар бар. Албетте мунун баарын бирөө кылыш керек. Адатта мунун баары аялдын моюнуна жүктөлөт.

Жөн эле ойнош болбоңуз. Ал жалданган жумушчу эмес, жардамчысы болуңуз.

14. Анын көңүлү басыңкы.

Күндө күнүмдүк түйшүктөрдөн чыга албай жүрөсүңөр. Аялыңыз кандай сезсе, сиз да ошондой сезесиз.

Аны менен сүйлөшүңүз, сезимдерин сураңыз, үйдө жардам бериңиз. Жакшы күйөө болуңуз, аялыңыз буга татыктуу.

15. Ал баарын кылат

Сиз жөн эле эс алып жатканда, аялыңыз ар дайым бир нерсе кылып жүргөнүн сездиңиз беле? Өкүнүчтүүсү чынында эле ошондой.

Сиз чарчап же стресс болуп турсаңыз да үйгө барыңыз. Эгерде тынчсызданганы менен бөлүшкүсү келсе, же жөн эле оор үшкүрүнсө, аны угуңуз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.