Кытыгылоо тууралуу кызыктуу 10 факт

Биздин кулагыбыз үчүн эң жагымдуу үн – күлкү болуп саналат. Ал эми күчтүү күлкү – кытыгылоо учурунда болот. Ата-энелер балдарынын кыткылыктаган күлкүсүн угуу үчүн кытыгылашат. Сүйүктүүлөрдүн кытыгысы көбүнчө курулай ашыктыкты же эркелетүүнү эске салат.

Адамдын кайсы жери кытыгылоодо сезгич келет жана адамды кытыгылоо менен өлүмгө жеткирүүгө мүмкүнбү?

Кытыгылоого тиешелүү болгон бул жана башка суроолорго жооптор.

1.Кытыгы бизди жакындаштырууга жардам берет

Кытыгы бир эле күлкүнү чакырбастан, ошондой мамилени курууга дагы жардам берет. 19-кылымда Чарльз Дарвин социалдык жакындаштыруунун механизми экенин байкаган. Ал биринчи эле эне менен баланын ортосундагы сүйлөшүүгө кызмат кылат. Ошондой эле, ал достор арасындагы байланышты жөнгө салат жана психологдор эң жогорку даражадагы социалдык оюндар өз ара жакындаштырууга алып келет деп эсептешет.

2. Биз өзүбүздү кытыгылай албайбыз

Башка адамдын колунун тийүүсү кытыгыга алып келиши мүмкүн. Эмне үчүн биз өзүбүздү кытыгылай албайбыз? Окумуштуулардын болжоосунда, биздин мээбиз күтүлбөгөн тийгизүүнү күтүлгөн сезимден айырмай алат. Бул кытыгынын реакциясына таасир этет. Биз өзүбүздү кытыгылаганга аракет жасаганда, мээ муну алдын ала сезет жана кытыгыга даярданат. Адамда душмандан жакшы коргонуу үчүн күтүлгөн жана күтүлбөгөн нерселерге ар кандай реакция пайда болушу мүмкүн.

3.Эң кытыгылуу жер – бул эң аярлуу жерлер

Биздин денебиздин эң кытыгылуу жери болуп таман жана колтук эсептелинет. Мындан сырткары моюн, көкүрөк жана гениталдык аймактар кытыгыга сезгич келет. Колтук чуңкурчасынан артериялык жана колтук көк тамырлары өтөт. Ал көкүрөк клеткасы корголбогон тоскоолсуз жүрөккө  барып жетет. Моюн дагы адамдын денесиндеги эң зарыл артерияны кармап, мээге канды жеткирип турат. Абаны ооштуруп туруучу кекиртек дагы моюнда жайгашкан.

4. Кытыгы – биздин денебиздин эскертүү системасы болуп саналат.

Кытыгы дүүлүгүү сыяктуу бизди сырткы жырткычтардан жана мителерден коргошу мүмкүн. Мындай кытыгынын түрү книмесис деп аталат. Ал жеңил, сейрек күлкүнү чакырат. Окумуштуулар бизди кытыгылаганда болгон сезимдер, бизди дүрбөлөңгө салат жана жылып жүргөн курт-кумурскаларга каршы табигый коргоо механизми деп аныкташкан.

5. Кытыгы кыйноого айланып кетүүсү мүмкүн

Тарыхта кытыгыны денени уруп жазалоо катарында колдонгон убактар болгон. Нацисттер кытыгылоону кыйноо иретинде колдонушканы тууралуу далилдер бар. Ошондой эле, байыркы римдиктер кыйноонун өзгөчө түрүн колдонушкан. Алар жазаланып жаткан адамды байлап, таманын туздуу сууга малып, андан соң эчкиге жалатышкан. Убакыт өткөн сайын кытыгы ооруну жараткан.

Ал эми кытыгыга тийиштүү болгон өлүм тууралуу күбөлөр бар. Адам күлкүдөн өлүп калуусу мүмкүн. Демек, теориялык жактан кытыгы да кандайдыр бир деңгээлде адамды өлтүрө алышы ыктымал.

6. Жаш улуулаган сайын, биз кытыгыны азыраак сезип калабыз

Кытыгы балдар оюну боло алабы? Мында чындыктын үлүшү бар. Анткени, 40 жашка чейинки адамдар 40тан ашкан адамга караганда кытыгыга 10 эсе көп реакция кылышат. Бул чоң кишиге кытыгы жакпайт дегендик эмес. Болгону жаш жогорулаган сайын теринин сезүүсү азайганы байкалат.

7. Кытыгыны токтотууга мүмкүн

Муну кандай кылуу керек? Колуңузду кытыгылап жаткан адамдын колуна коюңуз. Врачтар көбүнчө ушундай амалга таянышат. Эгер врач бейтаптын ичин карап көргүсү келсе, анда анын колун өзүнүн колунун үстүнө коюуусун суранат. Мындай жол менен мээни өзүбүздү өзүбүз кытыгылап жатабыз деп ойлонтууга аргасыз кылат. Колду ала салууда көйгөй жаралат.

8. Кытыгы арыктаганга жардам берет

Эгер кытыгы катуу күлкүнү чакырса, анда калориянын эрүүсүнө алып келет. Окумуштуулар 10-15 мүнөттүк күлкү кошумча 10-40 калорияны күн сайын жоготуп турарын аныкташкан. Бул бир жылда бир нече килограммдык салмакты таштоо дегенди билдирет. Албетте бул машыгуу залына баруу сыяктуу эмес. Бирок сиз арыктоону чечсеңиз, ар бир калория мааниге ээ.

9. Кытыгы сексуалдык ырахат тартуулоосу мүмкүн

Кээ бир адамдар дененин ар бөлүгүн кытыгылоо менен ырахатка батышат. Кээ бирлери башка бирөөнүн кытыгылоосун көрүп дүүлүгүшөт. Кеңири ойдо кытыгы секстин алдын ала дүүлүктүрүүчү формасы катары кызмат кылат. Ошону менен, кытыгыдан улам дүүлүгүү, сексуалдык фетишизмдин формасына айланат.

10. Эмне үчүн кытыгыдан күлөбүз?

Бул кытыгыга тиешелүү негизги сыры ачылбаган суроо болуп саналат. Адатынча күлкү азил жана ырахат менен байланыштуу болот. Бирок, кытыгылаган учурда тамашага катышы жок эле көзөмөлдөөсүз күлөбүз. Кээде кытыгылоонун жүрүшү жада калса жагымсыз жана ооруксунтууну жаратышы мүмкүн.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.