Кытайдын мектеп окуучулары үчүн математикадан берилген маселени чече аласызбы?

95% адамдар аны чече алышпайт.

Интернетте кытайдагы Сычуань провинциясынын мектептеринин биринде берилген математикалык тапшырма кызуу талкууланып жатат, дейт South China Morning Post.

Анын шарты мындай: кораблдын бортунда 26 кой жана 10 эчки бар болсо, анда капитанынын жашы канчада экенин аныкташ керек.

Кытай массалык маалымат каражаттары, бул маселени чечүү менен балдар ойлонуунун өзгөчөлүгүн көсөтүштү деп айтып жатышат.

“Капитан жок дегенде 18 жашта, андай болбосо кораблды башкарганга уруксат берилмек эмес”, — дейт бешинчи класстын бир окуучусу.

Дагы бир окуучу, капитан өзүн өтө сүйгөндүктөн жашы канчада болсо ошончо жаныбарды бортко алган деди.

Бул маселеге интернеттен жолуккан чоң кишилер дагы өздөрүнүн өзгөчө чечимдерин сунушташты. Мисалы, кытайдын соцтармактарынын колдонуучуларынын бири өз вариатнтын сунуштады:

“Борттогу жаныбарлардын жалпы салмагы 7700 кг, бул сан жаныбарлардын орточо салмагынан чыгарылды. Кытайда болсо, 5 тоннадан ашык жүк ташуучу корабль башкаруу үчүн 5 жыл катары менен лицензия алып туруш керек, ал эми аны 23 жаштан баштап берет.

Демек, ал минимум 28 жашта”.

Бирок, бул чечим чоң дискуссия жаратты. Кээ бирлери эсептин туура эмес жүргүзүлгөнүн көрсөтүштү:

"Кантип 26 кой менен 10 эчки 7700 кг болуп калды? Демек, бир эчкинин же койдун салмагы 200 кгдан чоң экен да!!!”

Кытайдын эл агартуу министрлигинде, тапшырманын негизги максаты балдарды шаблондук ойлонуудан четтетүү, ал эми бул суроого так жооп жок экенин айтышты.

Ошентсе да көпчүлүк, бул суроого эмес, анын математика сабагынан берилишине кыжырланганын белгилешти.

Кандай дейсиз,  мындай тапшырмаларга мектепте орун барбы?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.