Кытайдан келген бул азыктарды жегенге такыр болбойт!

Кытайдын тамак-ашы дүйнө жүзүнө тарайт. Албетте баары эле зыяндуу эмес, бай өлкөлөргө жогорку сапаттагы азыктар экспорттолот. Кыргызстанга окшогон 3-сорттогу мамлекеттерге эч кандай текшерүүдөн өтпөстөн түрлүү азыктар келет. Ден-соолукка чоң коркунуч алып келген азыктар менен таанышып алыңыз.

 

 

Тоок эти

Кытай тоок этин эң көп экспорттогон өлкө болуп саналат. Кытай тоокторду химиялык жол менен багып чоңойтот. Инкубатордон чыккандан баштап союлганга чейин дарылар менен багылган тоокторду жеген адамдын ден-соолугуна билинбей отуруп зыяны тиет.

 
Чеснок

Кытайдан келген чеснокту айрымалаш оңой эле. Алар тазаланып жуулган боюнча келет, көлөмү чоң, түсү ак болот. Даамы болсо өтө ачуу эмес. Ал жакта чесноктор да түрлүү химикаттар менен багылат. Азыр мындай чесноктор базарда каптап сатылып жаткан учуру.

 
Козу карын

Козу карындар көпкө сактала албайт ошондуктан кытайлар аларды көпкө сакташ үчүн атайын дарыларга жууп коюшат. Шаардын кафе-ресторандарында мындай козу карындар толгон токой.

 
Күрүч

Кытайлар чыныгы күрүчтү эмес алардын жасалмаларын сатышат. Ал үчүн атайын пластик менен крахмалды аралаштырып жасашат. Мындай күрүчтөн жасалган тамакты колдонгон адам кадимки пластамассаны жегенге барабар.

 
Жумуртка

Бир канча жылдар мурун Кыргыз жерине тонналап жасалма жумурткалар Кытайдан ташылчу. Кийин эл билип калып ар кандай кептер чыккандан кийин мамлекет тыюу салгандай болгон. Бирок ким билет коррупция гүлдөгөн Кыргызстанга азыр деле келип жаткандыр.

 

Булар узун тизменин башы эле болду. Чынында кытайдан келген тамак-аштар абдан көп, дары-дармек, балдардын азыгынан бери этке чейин алынып келинет. Биздин өлкөгө бир дагы азык текшерүүдөн өтүп, атайын лабораториядан текшерилбейт! Ар бир адам өз ден-соолугуна өзү көңүл буруп, абайлап ар бир жеген тамагына кылдат мамиле кылуусу керек.

Facebook барагыбызга жазылыңыз