Кытайдагы сойкулук...

Кытайдын мыйзамы боюнча ал жакта сойкулук кылуу тыйылган. Бирок ага крабастан сойкулук өнүккөн. Аларды Кытайдын бардык жагынан кезиктирсең болот. Жергиликтүү калкка дагы чет өлкөлүктөргө дагы кызматтарын көрсөтүп келишет. Мындай жол менен акча тапкандардын саны болжолдуу түрдө 4 миллиндон 20 миллионго чейин барат.

 

 

Кытай сойкулары 7 түргө бөлүнөт экен. Баалары 100 юандан 2000 юанга чейин, сомго которгондо миң сомдон 20 миң сомго чейин.

Алар төмөндөгүдөй болуп бөлүнүшөт:

  1. “Экинчи аялдар” булар колунда бар эркектер менен узак убакка мамиле курушат. Эркектин арты менен жашайт. Ар бир жолугуусуна акча алып турат. Ал эркек таштап кеткен соң башкаларын таап кете беришет.
 

2. Чакыруу жолу менен кызмат көрсөткөндөр. Буларды дагы даражасы бийик, бай эркектер колдонушат. Булар биринчилерден айрымаланып узак убакытка мамиле курушпайт. Бир түнгө, же саатка чакырсаң болот.

 

3. Бул кыздар караоке-барларда, клуб, ресторан, сауналарда иштешет. Кардарлар менен көңүлдүү убакыт өткөрүп, алардын каалоолорун аткарышат. Ошол эле жерден үйгө же мейманканага алып кетишет.

 

4. “Дин-дон-кыздар” деп аталат. Булар мейманканаларда жатып алышып телефон аркылуу кардарларды издешет. Кызыккандарды чакырып алып кызматтарын көрсөтө беришет.

 

5. Бул категориядагы кыздар массаж кылчу салондордо жана чач тарачтардын ичинде иштешет. Алар ошол ишкананын ээсине, сутенорго иштешет.

6. “Көчө кыздары” бул кыздар эркектерди көчөдөн табышат. Көбүнчө алар мейманкана, кинотеатр жана башка көңүл ачуучу мекемелердин алдында турушат.

 

7. Акыркысы булар эң кедей райондордогу сойкулар. Булар эң арзан жана куник болушат. Ички мигранттарды, жумуш издеп жүргөндөрдү тейлешет. Өздөрү сыяктуу калктын эң жакырлары буларга кайрылышат.

Кытайда сауналар аябай өнүккөн. Канча бир гектар жерди ээлеген сауналар бар. Ар бир мейманканада сауна болот. Жана албетте алардын ичи сойку кыздарга толгон. Сулуулук салондор, массаж кылчу жайлардын көбү жашыруун сойкуларды иштетишет.

Мындан тышкары сойкуларды тапканга интерентте толтура сайттар, журналдар бар.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.