Кытайда баңги сатуучуларды өлүм жазасына тартышты - ошол эле жерден, балдарынын көзүнчө атып салышты

Эки баңги затын сатуучуну өлүм жазасына тартышты. Жаза жүздөгөн адамдардын көз алдында ишке ашырылды. Кылмышкерлерге өкүм Кытайдын түштүгүндөгү Хайкоу шаарындагы спорт аянтчасында угузулду жана ошол эле жерде атууга кетиришти.

 

 

Өлүм жазасына 300дөй адам көз салып турду, арасында мектеп окуучулары жана студенттер болду.

Бул иш чара Эл аралык баңги затына каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлдү. Ал жылына 26-июнда өтөт.

Эки кылмышкер тең метамфетамин сатып кармалышкан. Аларды балдар аянтчасында атышты.

 

Кылмышкерлердин бири 39 жашта, 2015-жылы мыйзамсыз баңги затын сатууда колго түшкөн, ал почта аркылуу ишин жүргүзүп келген. Экинчиси 36 жашар, ал дагы 2015-жылы кармалган жана ага наркотикалык заттарды сатуу жана сактоо боюнча күнөө коюлган.

 

 

Мындай, публика алдында жазалоо кытайдын өкмөтү тарабынан, баңги затын мыйзамсыз сактоо жана анын өлкөдө тегенүүсүнө каршы колдонулуп келет.

Өкмөттүн мындай чарасына кандай карайсыз?

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.