Кытайда артынан алыскы жарыкты күйгүзүп айдаган айдоочуларды жазалоочу стикерлер чыкты

Кытайдын кээ бир айдоочулары аркасынан жабышып алып, алыскы жаоыгын күйгүзүп айдаган айдоочуларга согуш жарыялашты. Жол конфлигинин бул түрүнө каршы колдонуучу жаңы курал – жүрөктүн үшүн алган, арткы айнекке чапталып, артта келаткан айдоочу алыскы жарыгын күйгүзгөндө гана көрүнүүчү стикерлер.

 

 

Бул жүрөк түшүргөн стикерлер “ысык пирожкидей” тарап жатат, баасы дагы кымбат эмес – 3 доллардан 18 долларга чейин.

Кытайдын жол коопсуздук кызматтары бул боюнча сөз катышты. Пекинде, стикерлерди арткы айнекке чаптаган законго каршы келбейт, бирок, эгер артындагы айдоочу коркуп кетип жол кырсыгына кабылса, анда айдоочу толук жооп берээри айтылды.

Бирок Шаньдун полициясы башкача ойлойт: бул жерде мындай стикердин ээми 100 юанга айп пулга жыгылат. Сиз мындай стикер тууралуу кандай оюңуз бар?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.